Маданият министрлиги көмүр казуу үчүн петроглифтерди бузууну вандализм деп атады

Маданият министрлиги Ош облусунун Алай районундагы байыркы саймалуу таштарды мүмкүндүү жок кылуу фактысына байланыштуу билдирүү жасады.

*Петроглифтер — байыркы кыргыздар аска-ташка чиймелеп калтырган сүрөттөр. Алар тарыхый-маданий мурас деп эсептелип, мыйзам тарабынан коргоого алынган.

Министрлик аталган райондо көмүр иштерин жүргүзүүнү вандализм деп эсептээрин билдирди.

Маданият министрлиги саймалуу таштар тарыхый-маданий мураска кирээрин тааныды, анткен менен мурдараак ведомствонун башчысы Азамат Жаманкулов бул маселе эми гана каралат деп айткан.

«Көл, Туура-Бел жана Мурдаштын-Башы археология эстеликтеринин аймагында аныкталган вандализм фактылары боюнча Маданият министрлиги жоголуп кетүү коркунучунда турган тарыхый-маданий объектилеринин аймагында бузууларды алдын алуу боюнча чараларды көрдү», — деп билдиришти ведомстводон.

Мындан тышкары, ведомство курамында археологдор турган комиссияны ал жерге жөнөттү. Алар карьерди иштетүүдө келтирилген зыянды аныкташат.

Андан соң, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн келтирилген зыян боюнча маалымат укук коргоо органдарына берилет.

Байыркы саймалуу таштардын жоголуп кетүү коркунучу тууралуу фотограф Зафер Динчердин постунан кийин белгилүү болду. Ал фейсбук барагында Кара-Суу районундагы Мурдаш жана Карагул айылдарын кесип өткөн участокто эки-үч күн мурда жаңы көмүр карьери иштеп баштаганын жазган.

Анда маданият министри Азаман Жаманкулов «бул жердеги петроглифтер маданият баалуулуктар тизмесине кирбесин» билдирген болчу.

Ошондой эле, ал аталган аймакта көмүр казуу боюнча иш жүргүзгөн компания аларга уруксат алуу үчүн кайрылышы керектигин, бирок андай кылбаганын кошумчалаган.