Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бөлөт

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жергиликтүү бийлик Түркиядан шайлоо өткөрүүгө финансылык жардам сураганын билдирди.

ПОСОЛЬСТВО РЕСПУБЛИКИ ТУРЦИЯ В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ16 сентября 2020 годаПРЕСС-РЕЛИЗПОДДЕРЖКА, ОКАЗАННАЯ ТУРЦИЕЙ...

Posted by T.C. Bişkek Büyükelçiliği on Wednesday, September 16, 2020

Түркия мониторинг жана добуш берүү үчүн автоматтык урналарды сатып алууга 100 миң доллар бөлүп берүүгө даяр. Ошондой эле Түркия Кыргызстанга байкоочуларды жөнөтөт.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. 2019-жылдын сентябрында өкмөт тарабынан парламенттик шайлоого 1,2 миллиард сом каралган. Бирок, пандемиядан улам бюджеттин бардык беренелери кыскартылып, парламенттик шайлоого 560 млн сом коротуу пландалган. Кийинчерээк Боршайком чыгымдарды 446,9 млн сомго чейин оптималдаштырылганын кабарлаган.