«Реформа» партиясынын талапкери: «Президент “Эмаком” боюнча өз сөзүндө турган жок»

«Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу жетекчиси жана «Реформа» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер Гүлгакы Мамасалиева «президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам бузгандарга бийликтин партиясына келүүсүнө шарт түзүп берди» деди. Ал мындай пикирин 17-сентябрда TMG телеканалында өткөрүлгөн саясий партиялардын дебатында билдирди.

«Коомдук пикир» теледебатынын көрөрмандары Мамасалиевага «Эмаком» компаниясынын Сулайман-Тоонун буфердик аймагына мыйзамсыз курулуган көп кабаттуу үй тууралуу суроо узатышкан.

«Бул боюнча президентке Ош шаарына иш-сапары менен келгенде айткам. Тилекке каршы президент кунт коюп угуп коюп, иш жылган жок. Андан дагы “Эмакомдун” жетекчиси Эмилбек Жусупов азыр “Биримдик” партиясында №37 орунда турат. Демек, менин өзүмдүн пикирим боюнча, президент өз сөзүндө турган жок, мыйзамдын кепилдигин камсыз кылып берген жок. Кайтып ошол мыйзам бузуучуларга бийликтин партиясына келгенге шарт түзүп берип койду», — деди Мамасалиева.

Мамасалиеванын президент менен жолугушуусу

10-июнда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна эки күндүк иш сапарынын алкагында Оштогу жарандык коомдун өкүлдөрү менен да жолуккан. Жолугушууга катышкандардын бири укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева «Эмаком» компаниясынын Ош шаарындагы мыйзамсыз курулушу тууралуу айтып берген.

Мамасалиева ошол кезде президент «Эмаком» компаниясы куруп жаткан объектилерди жеке көзөмөлүнө алууну убадалаганын жана анын артында ким турганына кызыкканын айткан.

Мындан сырткары өлкө башчы Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовдон «Эмаком» компаниясына мыйзамсыз курулуш жүргүзүүгө кандай жол берилип калгандыгы тууралуу сураганын белгилеген. Шаар башчысы «ал курулуш мен кызматка келе электе башталган» деп жооп берип кутулган деген.

«Эмакомдун» мыйзамсыз курулушу

2008-жылы Ош шаарындагы Ленин көчөсү 351 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу үй 6,5 баллдык жер титирөөдө жабыркап, «авариялык абалда» деп табылган. Кийинчерек анда жашаган 40 үй-бүлө менен «Эмаком» келишим түзүп, компания көп кабаттуу кабаттуу турак жай сала баштаган. Бирок шаардык Архитектура башкармалыгы да, Экотехинспекция да курулуш иштери уруксатсыз башталганын билдиришкен.

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде тургандыктан, тоонун буфердик жана корук аймагы боюнча жобо бекитилген. Ага ылайык курулуштардын бийиктиги тоону тосуп калбашы керек. «Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директорунун орун басары Хайрулло Ибайдуллаев курулуш тоону тосуп калганын ырастап, буга байланыштуу Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин айткан.

«Эмаком» компаниясы курулушту баштоого чейин Кыргыз реставрация институтунан курулуштун бийиктиги боюнча корутунду алышы керек болчу. Бирок компаниянын юристи Алмазбек Дыйканбаевдин айтымында, министрлик да, институт да белгилүү бир бийиктикти бекитип беришкен эмес.

Ош шаардык прокуратурасы 2018-жылдын 31-декабрында «Эмаком» компаниясынын жетекчисине каршы «өзүм билемдик» беренеси менен иш козгогон. Мындан тышкары прокуратура компанияны курулушту улантып жатканы үчүн да сотко берген.

«Эмаком» компаниясынын юристи Алмазбек Дыйканбаев «Клоопко» иш облустук сотто жарандык тартипте каралып жатканын кабарлаган. Ошондой эле, «өзүм билемдик» беренеси боюнча компания 60 миң сом айып пул төлөгөнүн, ал эми курулуш мыйзамдуу, же мыйзамсыз деп табыла электигин билдирген. Соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан учурда курлуш улана берип турак жай курулуп бүтүп калды. Имарат алты кабаттуу, мансард менен жети кабатка жетет.

Тема боюнча:

Жээнбеков «ЭМАКОМдун» артында ким турарына кызыкты. Жарандык коом президент менен эмнени талкуулады?