Акыркы сутка ичинде коронавирус 91 адамда аныкталды

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус 91 адамда аныкталганын кабарлады. COVID-19га кабылгандардын көбү Баткен облусунда катталды — 30 адам. Ал эми Ош облусунда 17, Ысык-Көлдө 15, Жалал-Абад облусунда 12, Бишкекте 9, Чүйдө 6, Талас менен Нарын облустарында бирден адамда коронавирус табылды.

Инфекцияга чалдыккандардын ичинен тогуз адам — медиктер. Алардын ичинен төртөө Баткен облусунда, дагы төртөө Ош облусунда жана бирөө Жалал-Абад облусунда катталды.

Акыркы сутка ичинде коронавирустан жалпы 69 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Алардын ичинен 18 бейтап Жалал-Абад облусунда, 16 Баткен облусунда, 10 Ош облусунда, 8 Бишкекте, 6 Талас облусунда, 5 Ысык-Көлдө, үчөө Ош шаарында, экөө Нарын облусунда жана бирөө Чүй облусунда айыкты.

Оорудан айыккандардын төртөөсү — медиктер.

Пандемия башталгандан бери коронавируска кабылгандардын жалпы саны 45 335 адамга жетти. Оорудан каза болгондордун саны 1063 түзөт — бул Саламаттык сактоо министрлигинин өзгөртүлгөн статистикасы, андан 400дөн ашуун өлүм учуру алынган. Ведомство коронавирус жуктурган бул адамдарда өлүмгө дуушар кылган башка да оорулары бар болчу деп көшөрүүдө. Ошол эле учурда министрлик статистиканы ДССУнун методикасы боюнча кайра эсептеп чыгууну убадалаган. Ал методика боюнча, өлүм учурларынын башкы себеби коштоочу оорулар эмес, коронавирус эсептелет.