Улуттук энерголдиңдин башкармалыгынын төрагасы «Кыргызстан» партиясынан шайлоого барбай калды

Боршайкомдун мүчөсү Гүлнара Журабаева фейсбук барагында Улуттук энергохолдиңдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди.

Мурдараак, Улуттук энергохолдиңдин басма сөз кызматы Назаров шайлоого катышуу үчүн 24-августта милдеттерин убактылуу токтотконун ЖМКларга маалымдаган. Ал «Кыргызстан» партиясынан талапкер катары катталган.

Бирок холдиңдин сайтында 1-сентябрда жарык көргөн пресс-релизинде Назаров Улуттук энергохолдиңдин башкармалыгынын төрагасы катары эскерилген.

«Жарыяланган региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында, президен Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча Улуттук энергохолдиңдин башкармасынын төрагасы Айтмамат Назаров өткөн жылдын күзүндө аталган айылга келип, түзүлгөн абал менен таанышкан», — деп айтылат пресс-релизде.

«Кыргызстан» партиясына байланыштуу ызы-чуулар

«Кыргызстан» партиясына байланыштуу алгачкы ызы-чуу үгүт иш-чараларына расмий старт бериле электе эле башталган. Анда БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин «тийиштүү адам алып келип бербегени үчүн» кабыл алуудан баш тарткан болчу.

Ошол эле учурла активисттер жана башка партиялардын талапкерлери партия БШКга документ тапшыруу убактысынан кечиккен деп билдиришкен.

Башка жаңжал партиянын талапкери жана парламенттин спикери Дастан Жумабековго байланыштуу.

Жумабеков Таласка болгон сапары учурунда жаңы төрөгөн келин уулуна Дастан деп ат койгону үчүн сүйүнчү иретинде 50 миң сом берген. Алгач Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бул каражат спикердин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгенин билдирген. Кийинчерээк ал жактан кайрадан маалымат таратып, сүйүнчү катары берилген акча фонддон бөлүнгөнүн кабарлаган.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова ошол учурда төраганын белеги сатып алуу болуп эсептелинээрин билдирген болчу.

Кийинчерээк БШК Жумабековдун талапкерлигин шайлоо өнөктүгүнөн алуу мүмүнчүлүгү тууралуу маселесин карап чыгып, аны шайлоодон четтетпөөнү чечкен.