Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылы. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу / Клооп

Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн Дыйкан Кыштак айылында белгисиз адамдар тургундардын жаңы баштаган бир нече курулушун түн ичинде оор техника менен түрттүрүп кетишти. Окуя 17-сентябрда болгон. Жергиликтүүлөр буга «криминалга байланышы бар» мурдагы айыл башчылар аралашкан деген версияны карманууда.

"Ош - Сицилия же Афганистан..." Кайра эле ошол Раимдин өкүл балдары дейлген Эрмат Исмаилов менен "Бойко" каймана аттуу...

Posted by Khamidullo Uzakov on Thursday, September 17, 2020

Соцтармактарга тарап кеткен тасмадан төрт экскаватор бир нече үйлөрдүн фундаменттерин жана дубалдарын талкалап жатканын көрүүгө болот. Жердин ээлери айдоочуларды кууганга аракет жасаган, бирок оор техника жумушун токтоткон эмес.

«Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн “рэкеттери” келип, үйлөрдү бузуп жатышат. Жер элге таандык [...] Адамдарды тебелеп жүрөт!» — деген видеонун автору.

Ошондой эле, аялдын балдарды «кара» деп кыйкырганын угууга болот.

Кийинчерээк, оор техника кубалагандардын арасында кош бойлуу келин да бар экени белгилүү болду. Окуядан кийин тургундар тез жардам кызматын чакыртып, медиктер келип жардам берип кетишкен.

Тасманын автору бул окуяга «Бойко» каймана аты менен таанымал Алмаз жана Эрмат аттуу кримтөбөлдөрдүн тиешеси бар деп айткан.

Эрмат Исмаилов

*Бул жерде Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Алмаз Абдыкеримов жана Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Эрмат Исмаилов тууралуу сөз болгон. Үстүбүздөгү жылдын июль айында Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну Сүйүмкан Абитова мурдагы аткаминерлердин кишилери аны сабап кеткенине даттанган. Бирок милиция сабоо факты боюнча «далил жоктугун» билдирген.

Жабыркаган тургундардын бири Ганы Исаевдин айтымында, ал баласы менен эки жер тилкеде үй салып баштаган. Эми зыянды ким толтурат деген суроону берип, кейип турган чагы.

«Бул жерде эки жер тилкем бар эле, [анын бирөөсү] 45ке чыккан баламдыкы, анын беш баласы бар. Ушул күнгө чейин жер ала албай келдим эле, анан ушунун [токтомдун] негизинде алдым эле [...] Түнү келип ушул ишти кылганы кылмышпы? Же мафиялар башкарышы керекпи? Биздин мээнетибиз каякка кетти?» — деп суроо салган Исаев.

Ошондой эле, Исаев бул жер тилкелерди Эрмат Исмаилов жана Алмаз Абдыкеримов менен кошо жүргөн Койчу жана Рада аттуу жер адистери 15-августта өлчөп бергенин айтты. Андан сырткары тургун аталган жер тилкелери үчүн Исмаилов жана Абдыкеримовго акча бергенин айтууда.

Бирок Төлөйкөн айыл өкмөтүнөн Койчу жана Рада аттуу жер адистери иштебегени н маалымдашты.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» билдиргендей, окуя болгон күнү милициянын ыкчам тобу жерине барганда, экскаваторлордун айдоочулары качып кеткен. Көп өтпөй айдоочулардын өздүгү аныкталып, алардан сурак алынган.

«Алар кошуна жердин ээлери автоунааларды жалдап, “жерлерге шагыл төктүрүп, сүрдүргөнбүз” деп айтып жатышат. Аны далилдөө боюнча [иштер жүрүүдө]. “Биз арызданган аялдын жер тилкесине кирген жокпуз, өзүбүзгө берилген жерге шагыл төктүрүп, тегиздетип, курулуш баштайын дегенбиз” деп жатышат. Азыр териштирүү жүрүп жатат», — деди Аширбаев.

Ал ошондой эле, аталган жер тилкелер буга чейин да талаш-тартышка түшкөнүн белгилеп, учурда тиешелүү адистер комплекстүү текшерип жатканын кошумчалады.

Андан сырткары тургундар бул ишке «Бойко» каймана аты менен таанымал Алмаз Абдыкеримов жана Эрмат Исмаиловдун тиешеси бар дегендиктен, иштин материалдары криминалдык милициянын Аймактар аралык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Талашка түшкөн жерлер кайсы айыл өкмөткө караштуу?

Атын атагысы келбеген тургундардын бири талашка түшкөн жерди тургундарга Папан айыл өкмөтү бөлүп бергенин айтты. Анын айтымында, Дыйкан-Кыштак айылында үй салып жаткан бардык тургундардын колунда тиешелүү документтер бар.

«Элдердин колунда токтом бар экен, мен өз көзүм менен көрдүм. Токтом элдердики, 15 күн болду [курулуш иштерин] баштаганына. 15 күндөн кийин келип жатышпайбы бузганы», — деди ал.

Тургундардын айтымында, буга чейин Абдыкеримов жана Исмаилов жалдаган кишилер келип, аталган жерлерге көп кабаттуу үй салынаарын айтып, жерди бошотууну талап кылышкан. Жергиликтүүлөргө жеткен маалымат боюнча бул жерди «Ихлас» компаниясы сатып алган.

Айбек жана Нурбек Осмоновдор

*«Ихлас» курулуш компаниясы «Каганат Инвест» холдингине караштуу. «Каганат Инвесттин» негиздөөчүлөрүнүн бири ишкер Нурбек Осмонов — ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү Айбек Осмоновдун бир тууганы. Буга чейин Осмонов «Мекеним Кыргызстандан» чыгып, парламенттик шайлоого «Ыйман Нуру» партиясынан бара турганын маалымдаган. Көп өтпөй ал «белгисиз себептерден» улам шайлоого катышуудан баш тарткан. Ал эми «Ыйман Нурунун» төрагасы Чыңгыз Макешов партиянын негиздөөчүсүнө Матраимовдор тарабынан басым болгонун билдирген.

Бирок Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн учурдагы башчысы Зулпукар Мазаевдин айтымында, өздөрүн «жабырлануучу» деп жатышкан Дыйкан-Кыштактын тургундары бирөөлөрдүн үлүш жерлерин «өзүм билемдик» менен ээлеп алышкан. Ошол эле учурда Мазаев тургундардын колунда жерлердин Мамлекеттик актылары бар экенин тастыктап, бирок алар соттун чечими менен жокко чыгарылганын белгиледи.

Зулпукар Мазаев

«Алардын колдорунда Мамлекеттик актылары бар. Алар 2008-жылы Папан айыл өкмөтүнөн токтомдорду чыгартып, ушул жер аянттар турак жайга деп бөлүнгөн. Бирок 2012-жылы үлүш жерлердин 10 ээсинин арызынын негизинде Ош шаардык жана облустук соттор, кийинчерээк 2013-жылы Жогорку сот үлүш жерлерди кайтарып берген. Ал эми токтомдор жокко чыгарылган», — деп түшүндүрдү Мазаев.

Мазаев айыл өкмөттүн кызматкерлери буга чейин үй ээлерине бир нече жолу эскертүү бергенин айтты. Буга карабастан алар үй курууга даярдык көрүп, фундамент куюп башташкан. Айыл өкмөт башчы жаңы салынган үйлөрдү бузган экскаваторлорду үлүштүн ээлери жалдаган болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Мындан сырткары Мазаев аталган жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү салууга мыйзам жол бербейт деп ишендирди.

Ал эми «Ихлас» курулуш компаниясынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Самат Заирбеков Дыйкан-Кыштак айылындагы жерлерге алардын тиешеси жоктугун «Клоопко» билдирди.

«“Ихлас” курулуш компаниясынын ал жерге эч кандай тиешеси жок. Дыйкан-Кыштак деген айыл боюнча биз сизден угуп жатабыз, ал жактан [жер] алганы ниетибиз деле жок. Негизинен биздин үйлөр Бишкек жана Ош шаарларынын борборлорунда салынаарын өзүңүздөр билесиздер», — деди Заирбеков.

Кара-Суудагы жерлердин мыйзамсыз сатылышы

2018-жылда аталган райондун Төлөйкөн жана Папан айыл өкмөтүнүн башчыларына карата мыйзамсыз жер сатуу, ал эми Сарай айыл өкмөтүндөгү айрым кызматкерлерге экономикалык багыттагы мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш иштери козголгон.

Анда Папан айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Эрматбек Исмаилов «Шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазаланган эмес.

Буга байланыштуу бир жыл мурда Папандын тургундары Кара-Суу райондук администрациянын алдына нараазычылык билдирип чогулушкан – алар соттолгон айыл өкмөт башчысын кызмат ордуна кайтарган аким Тилек Матраимовдун отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Ошондой эле, айыл өкмөт башчысынын соттолгондон кийин да кызмат ордунда иштеп жатканына нааразы болушкан.

Исмаилов менен биргеликте Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Алмаз Абдыкеримовго дагы кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган. Бирок саламаттыгы начарлаганынан улам Оштогу жүрөк ооруларын дарылоочу жеке менчик бейтапканага которулган. Учурда ал эркиндикте жүрөт.

Июлда сабалган Сүйүмкан Абитованын жактоочусу Айсалкын Карабаеванын айтымында, Алмаз Абдыкеримов анын кардарына аталган жерлерди 20 миң долларга саткан. Бирок Абитованын үй-бүлөсү курулуш иштерин баштаганда, «каралар» келип алардан ал жактан кетүүсүн талап кылышкан.