Кара-Суу районунун тургундары акимдин отставкасын талап кылышты. Ал Райым миллиондун иниси

Тилек Матраимовдун отставкасын талап кылып митингге чыккан жергиликтүү тургундар. Сүрөт: Ыманбек Нурдинов / Kloop.kg

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн 15 чакты тургуну райондун акими Тилек Матраимовдун оставкасын талап кылып митингге чыгышты. Алардын нааразычылыктарына мурда «жерлерди мыйзамсыз сатуу» боюнча күнөөлөнгөн аткаминердин айыл өкмөтүнүн башчылыгына кайрадан келиши себеп болгон. Матраимов өзү аткаминерди кызматка кайтарбаганын айтууда.

Митинг 20-мартта өткөн. Папан айыл өкмөтүнүн тургундары Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, анын келүүсүн суранышкан. Азыр Абылгазиев иш сапары менен Ош облусунда жүрөт.

Тургундар администрациянын алдында беш саатка жакын турушту, бирок өкмөт башчысына жолуга алышкан жок. Анын ордуна аларды милиционерлер тарап кетүүгө чакырышкан.

«Коррупционерлерди, жер саткычтарды колдогон Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов отставкага кетсин», — деп талап кылышты Папандын жашоочулары.

#Жеринен Папандыктар өкмөт башчыга жолугуу үчүн митингге чыгышты

Posted by T-Media on Wednesday, March 20, 2019

Алардын нааразылыгы райондун башчысы Тилек Матраимов Эрматбек Исмаиловду Папан айыл өкмөтүнүн жетекчилик кызматына ыктымал кайтаргандыктан улам чыккан. 2018-жылдын аягында Исмаиловго каршы кылмыш иши козголгон. Ал жерлерди мыйзамсыз сатууга айыпталган. Бирок аткаминер ошо бойдон жазага тартылган эмес. «Кызматтык жасалмалык» беренеси боюнча аны акташкан. Ал эми «Шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотулган.

Матраимов өзү «Клоопко» Исмаиловду кызмат ордуна кайтарбаганын билдирди.

«Анын үстүнөн иш козголгондон кийин соттун чечими менен аны кызматтан бошотком. Ал райондук сотто утту, облустук сотту да. Ал чечим чыккандан кийин күчүнө эртеси күнү кириши керек экен. Бирок ал ишке чыккан жок, кызматка соттун чечими менен гана келет», — деди Матраимов.

Бирок, Эрматбек Исмаилов «Клоопко» билдиргендей, ал айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына кайтып келген. Анын айтымында, райондук жана облустук соттор аны акташкан жана мыйзам боюнча ал жумушка чыгышы керек.

«Дүйшөмбү күнү жумушка чыктым, бүгүн ооруп калганыма байланыштуу өргүүгө чыгып жатам», — деди Исмаилов.

«Прецедент» юридикалык компаниясынын юристи Замир Жоошев «Клоопко» айыл өкмөт башчысы «шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылгандыгы үчүн ага кайра кызматына келүүгө мыйзам жол бербестигин билдирди. Анын айтымында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» майзамынын 49-беренесине ылайык, соттун чечими күчүнө киргенден тарта аким аны ээлеген кызматынан бошотушу керек.

«Соттолгон адам мамлекеттик кызматка келгенге укугу жок. Кызмат учурунда кылмыш жасап туруп кайра кантип өз ордуна келип иштемек? Ал акталган жок да, болгону жаза өтөөдөн бошотулду. Аны айылдык кеңештин депутаттары толугу менен кызматынан алып салышы керек», — деди Жоошев.

Юрист кошумчалагандай сот өкүмү бир айдын ичинде күчүнө кирет.

Жергиликтүү тургундар мурда дагы Исмаиловго каршы митингге чыгышкан. Анда да аны «жерлерди мыйзамсыз сатууга» күнөөлөшкөн. 2017-жылы ал Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгына үчүнчү ирет шайланып келген.

Мамлекеттик кызматты аркалаган Матраимовдор

Тилек Матраимов депутаттардын аларга карата Матраимводор тарабынан кысым болуп жатканы жөнүндө билдирүүлөрүнө карабастан 2012-жылы февралда Кара-Суу районунун акими кызматына келген.

Матраимовдун үй бүлөсү чоң жана анын бир тууган ага-инилеринин үчөөсү жогорку мансаптуу кызматтарды ээлешет. Тилектин эң улуу агасы Искендер Матраимов — парламенттин депутаты. Дагы башка бир тууганы Ислам Матраимов каржы полициясындагы ички териштирүү башкармалыгында жетекчилик кылат.

Матраимовдун дагы бир агасы — Райымбек Матраимов — мурда бажы кызматынын төрага орун басары болгон, бирок аны аталган кызматтан экс-премьер-министр Сапар Исаков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин суранычы боюнча бошоткон. Бирок Матраимов өкмөттүн чечимин сотто даттанып, сот аны кызматка кайтаруу боюнча чечим чыгарган.

Редакторлору: Элвира Султанмурат кызы, Анна Капушенко