Ош ОИИБ: Кара-Сууда аялдын сабалышы боюнча далил жок

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну Сүйүмкан Абитованы 3-июлда топ балдар сабап кетишкенин анын жактоочусу Айсалкын Карабаева айтууда.

Карабаева өзүнүн фейсбук баракчасына бир нече видеотасмаларды жүктөп, анда аялды жер талаштын айынан Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов жана Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Эрматбек Исмаиловдордун буйругу менен сабалганын билдирген.

«Элдер өз акчасына сатып алган үйлөрдү Төлөйкөн айыл өкмөт башчысы Алмаз жана Папан айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Эрмат үч жигитти жиберип, жерди сатып алган аялды өлгөнчө сабап, таштанды урнасынын жанына таштап, жаңы курулуп жаткан курлушту өз колдору менен бузуп кетип баратышат», — деген ал.

Ал жүктөгөн дагы бир видеодон сабалды делген аялдын жерде ыйлап жатканын жана бутуна бычак сайылганын айтканын көрүүгө болот. Ошондой эле, жаш баланын «бизди коркутушту» деп көз жашын төккөнү дагы тартылган.

Андан соң Карабаева кардарынын ооруканадагы тасмалары менен бөлүшкөн. Анда аялдын көкүрөк тарабы, ич жагы жана бели көк ала болгонун көрүүгө болот.

Ошондой эле, тасмада дарыгер делген киши аялдын оң бутуна бычак сайылганын айткан.

«Бычак сайылып шишип кетиптир. Ичине кан толгон, гематома», – деген ал.

Макала чыгаар алдында экинчи тарап менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми Папандын мурдагы айыл өкмөт башчысы Эрматбек Исмаилов «Азаттыкка» окуяга такыр тиешеси жок экенин айтып, бирок окуяда аты аталгандарды жакшы тааный турганын билдирген.

Окуя болгон жерге милиция барып териштирүү иштерин баштаган, ал эми Абитова шаардык ооруканага жаткырылган. Аялдын арызы боюнча аталган факт «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

«Сабаганы боюнча далил жок»

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев учурда эки тараптан тең арыз түшүп, тергөө жүрүп жатканын билдирди.

«Экинчи тарап да арызданган. Андан сырткары бул аялдын үстүнөн алдамчылык боюнча, үлүш жерди эки жаранга сатып жибергендиги тууралуу арыз түшкөн. Жаңжалдын баары ошондон келип чыгып жатат. Азыр ал боюнча тиешелүү кызматтарга мыйзамдуулугун текшерүү боюнча сурам кат жибергенбиз», – деди ал.

Аширбаевдин айтымында, аял жерди эки тургунга эки башка суммага баалап сатып, ал кардарлар өз ара талашып, андан кийин аял менен чатакташа кетишкен.

«Аял ошондон кутулуш үчүн “мени урду” деп догурунуп жатат. Буга чейин да мыйзамсыз жер сатып соттолгон экен. Ал эми мурдагы айыл өкмөттөр менен жер сатып-жер алуу боюнча менимче мурдатан байланышы бар. Ал эми айыл өкмөттөрдүн окуяга тийиштигин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн», – деди Аширбаев.

Ал ошондой эле, аял жана анын жактоочусу айыл өкмөттөр боюнча айткан маалыматтар чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Андан сырткары, аялдын сабалганы боюнча жетишээрлик далил жок экенин кошумчалады.

«Тасмада аялдын жаткан жери бар, сабап жаткан жери жок. Биз сураштырдык, буга чейин 2 күн жаңжалдашкан экен, баласы тартып жүрөт. Эмне үчүн уруп жаткан жеринде тарта албай калдыңар деп жатабыз. Ал видеосун бизге көрсөтүп бере албай жатат. Ал эми аялдын үстүнөн арыз жазган тараптын баардык видеосу бар экен, аларды тергөөгө алып келип берип жатышат», – деди ал.

Аширбаев аял кантип жаракат алганы экспертизанын жыйынтыгы менен билинээрин айтты.

Облустук милиция окуя боюнча тараткан пресс-релизине бир видео тиркеген. Анда Абитова менен белгисиз киши кайым айтышып жатканын, ошондой эле аял аталган кишини бир нече жолу чаап жибергенин көрүүгө болот. Бирок бул пресс-релизге Абитованын жерде жатканы боюнча тартылган тасма кирбей калган. Жеңиш Аширбаев мунун себебин, сабалганын айткан аял тартылган тасмада анын ур-токмокко алынып жатканы боюнча кадр жоктугу менен түшүндүргөн.

Адвокат Карабаева «Азаттыкка» Аширбаевдин маалыматын четке какты. Жактоочу басылмага Абитовага жана анын үй-бүлөсүнө Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы жана Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси тарабынан буга чейин да коркутуулар болуп келгенин белгилеген.

«Алмаз Абдукаримов бул аялга 20 миң доллардан сегиз жер тилкесин саткан. Анан ал жерлерге токтом жазып берген. Булар үй сала баштаса, “караларды” алып келип тынымсыз коркута беришкен. Кийин токтомун “кызыл китеп жасап беребиз” деп алып кетип, кайра “башка жер тилкесин беребиз, бул жерге биз көп кабаттуу үй салабыз” дешкен», – деген ал.

Кара-Суудагы жерлердин мыйзамсыз сатылышы

2018-жылда аталган райондун Төлөйкөн жана Папан айыл өкмөтүнүн башчыларына карата мыйзамсыз жер сатуу, ал эми Сарай айыл өкмөтүндөгү айрым кызматкерлерге экономикалык багыттагы мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш иштери козголгон.

Анда Папан айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Эрматбек Исмаилов «Шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазага алган эмес.

Буга байланыштуу бир жыл мурда Папандын тургундары Кара-Суу райондук администрациянын алдына нараазычылык билдирип чогулушкан – алар соттолгон айыл өкмөт башчысын кызмат ордуна кайтарган аким Тилек Матраимовдун отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Ошондой эле, айыл өкмөт башчысынын соттолгондон кийин да кызмат ордунда калганына нараазы болушкан.

Сарай айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлерине козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгы болсо белгисиз.

Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы, окуяда аты аталган «Бойко» каймана аты менен белгилүү – Алмаз Абдукаримов камакка алынып, бирок саламаттыгы начарлаганынан улам Оштогу жүрөк ооруларын дарылоочу жеке менчик бейтапканага которулганын айтты. Андан ары иш кандай жыйынтыкталганы тууралуу маалымат жок.

Анткен менен ал азыр да Төлөйкөн айыл өкмөтүн жетектейт. «Клооптун» журналисттери Сүйүмкан Абитованын окуясы боюнча комментарий алуу үчүн аталган айыл өкмөтүнө барганда, Абдукаримовдун орун басары ал ден соолугуна байланыштуу жумуш ордунда жок экенин билдирди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Матраимов менен жолугушууда «кагылыш болуп кетпесин» деп бир гана адамды чыгарганбыз — Ош милициясы

Кара-Суу: Аким Матраимов менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийликти сындагандарды залдан чыгарышты

Папан тургундарына сөз берилген жер тилкелер төрт жыл бою бериле элек