УКМК: 600 миң сомдук баңгизат сатууга аракеттенген полковник кармалды

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 23-сентябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ири өлчөмдө баңгизат сатууга аракеттенген полковникти кармады. Ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Чүй облустук башкармалыгында иштеп жаткан.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, милициянын полковниги «гашиштин» 166 брикетин 581 миң сомго сатууга аракет кылган. Баңгизаттардын жалпы өлчөмү бир жарым килограммды түзгөн.

Аталган факт «Баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана аны сатуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери калаадагы үйлөрдүн биринде 4 килограмм 686 грамм баңгизаттарды сактаган кишини кармаган. Колго түшкөн шектүүнүн үйүндө кара куурай, марихуана жана героин баңгизаттары сакталган. Андан сырткары, аларды даярдоого керектүү каражаттарды тапкан.