Жээнбеков карыздарды төлөөнү токтото туруу чечими үчүн донорлорго ыраазычылык билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында видеокайрылуу жасады. Кайрылууда ал «Чоң жыйырмалыктын» (G-20) жана эл аралык каржы институттардын карыздар боюнча төлөмдөрдү токтото туруу чечими үчүн ыраазычылык билдирди.

«Пандемия биздин өлкөлөрдүн социалдык чөйрөсү менен экономикасына терс таасирин тийгизди. Орто жана чакан бизнес жабыркады. Кыргызстан мындай оор күндөрдө колдоо көрсөткөн өнөктөш-өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирет», — деди ал.

Жээнбеков ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо механизмин колдоону өтүндү. Ал үстүбүздөгү жылдын май айында ушул сунуш тууралуу сөз кылган.

Ал Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун билдирди.

«Биз ошондой эле адам укуктарын, укук үстөмдүүлүгүн жана демократияны коргоого чоң маани беребиз. Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда бизди колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз», — деди президент.