Кыргызстанда коронавирустун 175 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабтан 25-сентябрда коронавирустун жаңы 175 учуру катталганын кабарлашты. Жаңы катталган учурлардын 76сы лабораториялык тастыкталган.

Аймактар боюнча:

Ош облусу — 50;

Баткен облусу — 41;

Жалал-Абад облусу — 22;

Ош шаарында — 22;

Бишкек шаары — 8;

Талас облусу — 7;

Ысык-Көл облусу — 7;

Чүй облусу — 5;

Нарын облусу — 3.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 142 бейтап айыкты.

COVID-19дан айыккандардын 51и Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле Ош облусунда — 23, Ысык-Көл облусунда — 22, Баткен облусунда — 12, Чүй облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 10, Талас облусунда алты, Ош шаарында беш жана Нарын облусунда бир бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 45 932ге жетти. Алардын ичинен 42 147 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 91 пайызы. Мындан сырткары COVID-19дан 1 063 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 643 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 1 641 киши үй шартында дарыланууда.

Коронавирус медицина кызматкерлеринде да катталды: Бишкек шаарында жана Баткен облусунда төрттөн, Жалал-Абад жана Ош облустарында экиден, Ош шаарында бир медиктен коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошондой эле өткөн суткада 22 медик коронавирустан айыкты — алардын 17си үй шартында дарыланган. Жалпысынан COVID-19ду 3 227 медик жуктуруп, алардын 2 918и оорудан сакайган.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттен 71 медкызматкер каза болгонун моюндады.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.