Акыркы сутка ичинде коронавирус 161 адамда аныкталды

Акыркы сутка ичинде Саламаттык сактоо министрлиги 161 адамда коронавирус аныктады. Алардын ичинен 45и Баткен облусунда, 33ү Ош облусунда, 29у Бишкекте жана 23ү Жалал-Абад облусунда катталды.

Мындан тышкары, коронавирус жуктуруунун 13 учуру Ош шаарында, 9 учуру Чүйдө, 6 учуру Ысык-Көл облусунда, экөө Нарын облусунда жана бирөө Талас облусунда катталды. Коронавируска чалдыккандардын арасында беш медицина кызматкери бар: үчөө Бишкекте, бирөө Ош облусунда жана дагы бирөө Баткен облусунда катталды.

Сутка ичинде ооруканалардан 151 бейтап айыгып чыгарылды. Алардын ичинен 38 адам Бишкекте, 32 Ош облусунда, 19 Жалал-Абадда, 18 Баткенде, 17 Чүйдө, 10 Ысык-Көлдө, 4 Талас облусунда айыкты. Ошондой эле, айыккандардын арасында төрт медицина кызматкери бар.

COVID-19дан каза болгондор тууралуу кабарланган жок. Учурда, өлүм учурлары боюнча статистикада 1063 адам деп көрсөтүлгөн, бирок, мурдараак бул тизмеден 400 учур алынган. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруунун 46 251 учуру катталды.