Ала-Букада 33 жаштагы келинди «өзүн өлтүрүүгө жеткирди» деп күйөөсү шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 33 жаштагы келиндин өлүмү боюнча анын күйөөсүнүн үстүнөн «Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Мекеменин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, 23-сентябрь күнү таңкы саат 07:30дар чамасында милицияга аталган райондун 33 жаштагы тургуну өз үйүнүн короосунда асынып алгандыгы боюнча айыл тургундарынан маалымат келип түшкөн.

Милициянын ыкчам-тергөө тобу жерине барып, сөөккө сырттан кароо жүргүзүп тиешелүү материалдарды чогулткан жана райондун ИИБи тарабынан текшерүү иштери башталган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө ошол райондун тургуну келиндин өлүмүнө анын күйөөсү күнөөлүү болушу мүмкүн деп арызданып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган», — дейт басма сөз катчы.

Маркумдун жакындары келиндин өлүмүнө анын күйөөсүнүн зомбулугу себеп болгонун айтууда. Анын таежеси Пайзи Абдисаматова «Азаттыкка» келин кечинде аларга күйөөсү ур-токмокко алып жаткандыгын айтып телефон чалганын айткан. Маркум төркүндөрүн күйөөсү экөөнүн ортосуна түшүүгө чакырган.

Ошондой эле келиндин  жакындары «Клоопко» аялдын өлүмүнөн кийинки сүрөттөрүн жолдоду — анда анын денеси көк-ала болгонун жана чачы жулунганын көрүүгө болот.

Учурда маркумдун жакындарынын арызынын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Жыл башында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган — январь ичинде эле ИИМ аялдарды өлгүчө сабап, аларга атайлап өрт коюу болгон бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Арадан үч ай өткөн соң, ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65% көбөйгөнүн билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.