Боронов 6 ай мурда COVID-19 жуктуруп комага түшкөн врачты Бишкектен дарылоону тапшырды

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигине Ош облусунун Ноокат районундагы «Барын» медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимовага ыкчам жардам көрсөтүүнү тапшырды. Врач алты айдан бери комада.

Ураимова COVID-19 пандемиясынын башында эң биринчилерден болуп обсервацияга иштегени барган.

«Мукарам Ураимова COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда биринчилерден болуп обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган», — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

Илдеттин кесепетинен анын өпкөсүнүн 80% жабыркаганы аныкталган. Учурда анын абалы оор деп бааланууда, ал жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алууда.

Боронов Саламаттык сактоо министрлигине түзүлгөн абалды иликтеп, Ураимованы санавиация аркылуу Бишкек шаарына дарылоо үчүн алып келүүнү тапшырды. Өкмөт башчысы Ураимовага коронавирус жуктурганы үчүн 200 сом кенемте төлөнүп берилиши кажет экенин айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал эки ооруканада дарыланып жаткан — азыр ал тышкы дүүлүктүргүчтөргө реакция кылууда, анын булчуңдарынын атрофиясы кичирейип, уктоо цикли нормасына келген. «Азыркы учурда өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча аны Улуттук госпиталга алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мукарам Ураимовага 200 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөнүп берилген», — деп билдиришти ведомстводон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 29-сентябрга карата коронавирусту 3 243 медик жуктуруп, анын 2 992си айыккан. Ведомство коронавирустун кесепетинен 83 медкызматкер көз жумганын мойнуна алды.

Бийлик тарабынан 144 медикке 200 миң сомдон кенемте төлөп берди ал эми млн сомдук төлөмдү каза тапкан дарыгерлердин 21 үй-бүлөсү алды.

Башкы сүрөт: «Турмуш».