Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкандан кийин 29-сентябрда Венгрияга барганын маалымдады.
Жээнбеков Венгриянын президенти Янош Адер менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн башчысы кыргыз-венгер кызматташтыгынын маселелерин талкуулап, «эки өлкөнүн бакубаттыгы» үчүн мамилелерди өнүктүрүүнү макулдашышты.
Мындан тышкары, Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен да жолукту.
Жолугушууда алар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы бир катар документтерге кол коюшту. Алардын катарында кош салыкты болтурбоо, кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жана эл аралык автоунаа каттамдары жөнүндө келишимдер бар.
Жээнбеков менен Орбан Түрк кеңешинин Будапешттеги өкүлчүлүгүнө барышты. Алар Чыңгыз Айтматовго арналган фотокөргөзмө уюштурулган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин имаратын көрүп чыгышты.
Ал жакта Жээнбековго Чыңгыз Айтматовдун венгер тилине которулган «Чыңгызхандын ак булуту» повестин беришти.
Жээнбековдун жолугушуулары муну менен эле аяктаган жок. Ошол эле күнү ал Венгриянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ласло Кёвер менен жолукту.
Жээнбеков менен Кёвер Венгриянын парламентинин имаратын көрүп чыгышты. Кёвер жолугушууда эпидемиялык кырдаал турукташкандан кийин Кыргызстанга келүү ниети бар экендигин айтып, ошондой эле «Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы менен жемиштүү кызматташууга» ишеним арта тургандыгын билдирди.
Мындан тышкары, Кыргызстандын президенти Будапешттеги Баатырлар аянтында гүл койду.
«Ал венгер мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна салымын кошкон белгилүү венгер ишмерлери менен инсандарынын элесине таазим кылды», — деп кабарлады президенттин басма сөз кызматы.
*Баатырлар аянты — Будапешттеги эң башкы аянттардын бири, ал ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурасына кирет.
Президент Будапешттин мэри Гергей Карачонь менен бирге сейил бактардын бирине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземине катышты.
«Будапештте эми венгер окурмандарынын кеңири сүймөнчүгүнө ээ болгон улуу жазуучунун талантына таазим этчү жай бар», — деп келтирет басма сөз кызмат Карачондун сөздөрүн.
Сейил бактын ачылышында Жээнбеков Венгрияда окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен сүйлөштү. Президент Венгриянын ЖОЖдорунда кыргыз студенттери үчүн квоталардын эки эсеге көбөйүшү жана Бишкек-Будапешт түз аба каттамын ачуу пландары тууралуу айтып берди.