400 миңден ашуун кыргызстандык шайлоодо добуш бере албайт — МКК

Мамлекеттик каттоо кызматы (ММК) маалымдагандай, 437 миңден ашуун кыргызстандык 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоодо добуш бере албайт.

МККнын маалыматы боюнча, 437 миң 384 жаран биометрикалык каттоодон өткөн эмес жана алар эски үлгүдөгү ID паспортторду колдонушат. Мыйзам боюнча, мындай жарандар шайлоодо добуш бере албайт.

Биометрикалык маалыматтар жөнүндөгү мыйзам 2014-жылы кабыл алынган– анда Кыргызстандын жарандарынын бардыгына биометрикалык маалыматын тапшыруу милдеттендирилип, манжасынын издерин алышкан. Маалымат топтоону жарандарга документ берүүчү мамкаттоо кызматы ишке ашырган.

2015-жылдын апрель айында депутаттар шайлоо мыйзамына түзөтүү киргизүү сунушун кабыл алышкан. Ага ылайык, биометрикалык маалымат тапшырбаган жарандар презденттик жана парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун башчысы Нурбек Токтакунов жана 2009-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Токтайым Үметалиева Конституциялык палатага доо арыз менен кайрылышкан. Укук коргоочулар бул мыйзамды «иштебейт» жана Конституциянын ченемдерине «каршы келет» деп билдиришкен.

Токтакунов менен Үмөталиеванын доо арызы боюнча биринчи отурум 2015-жылдын 27-майында өтүп, анда парламенттин өкүлү Светлана Болжурова Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкуловадан доо арызды четке кагууну өтүнгөн. Сооронкулова арызды кароодо негизги баяндамачы болгон, ошондой эле арыз берүүчүлөрдүн тарабын карманган.

Клара Сооронкулова доо арызды кароодон четтеп кеткенден кийин биометрика жөнүндөгү мыйзамды «легитимсиз» деп атаган. Бул билдирүүдөн улам парламенттин сот жана укук иштери боюнча комитети нааразычылыгын билдирип, Соттор кеңешине Сооронкулованын аракетине баа берүү талабын коюшкан. Парламент үч жолку добуш берүүдөн кийин гана Сооронкулованы Конституциялык палатанын судьясы кызматынан четтеткен.

2015-жылдын жай айларында Алмазбек Атамбаев биометрикалык маалымат тапшырбаган кыргызстандыктар шайлоого катыша албайт деп билдирүү жасаган.

БШКнын маалыматына караганда, Кыргызстанда 3,5 млн шайлоочу катталган. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди. Ага 16 партия ат салышат. «Реформа» партиясынын лидери — Клара Сооронкулова.