ИИМ «Бир Болдун» үгүтчүлөрү тарабынан коркутуу жана сатып алуу болду делгени боюнча иликтөө баштады

Борбордук шайлоо комиссиясы ИИМ «Бир Бол» партиясынын үгүтчүлөрү тараптан коркутуу жана сатып алуу болду делген маалымат боюнча иликтөө баштаганын кабарлады.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, 25-сентябрда БШКнын ыкчам чара көрүү тобуна Ак-Өргө конушунун тургуну Малик кызы Нуржан кайрылган. Ал «Бир Бол» партиясынын үгүтчүлөрү Ак-Өргөнүн тургундарына 2 миң сомдон таратканын айтып берген.

Аталган аял менен кошуналары бул акчаны алып, №2 формасы боюнча каттоодон өтүшкөн. Кийинчерээк бирөөлөр анын үйүнө келип, шайлоо күнү «Бир Болго» добуш бергиле деп басым көрсөтө башташкан.

Малик кызы партия үчүн добуш берүүдөн баш тарткандан кийин ага коркутуу боло баштаган.

«"Бир Бол" партиясынын агитаторлору аны коркутуп, эгер ал алардын партиясына добуш бербесе анда партияга 10 миң сом төлөй тургандыгын айтышкан. Эгер Нуржан Малик кызы милицияга кайрылса мыйзам боюнча сый акы алгандыгы боюнча да жоопкер болот», — деп билдиришти БШКдан.

Шайлоо компаниясынын жүрүшүндө, жарандарды форма №2 менен каттоого тургузуунун айланасындагы чуулар токтобой келет. Активисттер, депутаттар жана БШК мүчөлөрү Бишкектеги адаттан тыш каттоого турган адамдар тууралуу бир нече жолу айтып чыгышкан.

Форма №2 көбүнчө шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн колдонулат. Мындай сатып алуунун аркасы менен партиялар, рейтинги төмөн участкалардан белгилүү өлчөмдө добуш ала алышат.

БШКнын маалыматы боюнча, 24-сентябрга карата форма №2 менен 481 миң адам катттоодон өткөн.

Кийинчерээк №2 формасы тууралуу депутат Дастан Бекешев да айтып берген. Анын айтымында, №2 формасы боюнча дээрлик 450 миң жарандын катталганы парламенттин жетинчи чакырылышына үч партия өтөөрүн айгинелейт. Ал эми депутаттарды партияга кабыл алуунун жаңы шарттарына байланыштуу парламентти үч лидер башкармакчы.