Өлкөдөн чыккысы келгендер ПЧР-тест тапшыруу үчүн лабораторияларда узун кезекке турууда — Бишкек

Бир нече күндөн бери «Бонецкий Лабораторияларынын» алдында коронавирусту аныктоо үчүн ПЧР-тесттерди тапшыргысы келген жарандардын кезеги жаралууда. Негизинен бул кезектерде башка өлкөгө авиабилет сатып алган адамдар чогулган.

Лабораториялар ишин эртең мененки саат 7де башташканы менен адамдар таңкы саат 6га чогулуп калууда. «Биз эртең мененки 7де келгенбиз, кезекте 30 адамдан кийин туруп калдык», — деп айтып берген Кактус басылмасына тест тапшырганы келгендердин бири.

Жаңы алгоритмге ылайык, Кыргызстандын жарандары Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана БАЭге учуп кетүү үчүн коронавируска тапшырган ПЧР-тесттеринин терс жыйынтыгы талап кылынат. Тест аталган өлкөлөргө келерден 3 күндөн кем эмес убакыт мурда жасалууга тийиш. Түркияга учуп жаткандар үчүн ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт.

Кезектердин чоң болуп атканына кабыл алчу өлкөлөрдө, мисалы, Орусияда «Бонецкий Лабораторияларанын» гана тесттери жарактуу экени себеп.

Мындан тышкары, ПЧР-тесстер «Бонецкийдин» эки филиалында, Гагарин көчөсү 1а (Удуттук хирургиялык борбор), Лев Толстой көчөсү 70б/1 (инфекциялык оорукананын жанында) даректеринде гана жасалат.

Лабораториялардын алдында тизмелер бар, ага келген адамдар өз аты-жөнүн жазышат. Бейтаптар жай тейленип жаткандыктан, кезек күткөндөр бир нече сааттап турууга аргасыз.

Март айынын ортосунда авиа каттам коронавирустун пандемиясынан улам токтотулган.

Республикалык штаб бир катар өлкө менен аба каттамдарын ачканын кабарлаган — анын ичинде Орусия, Казакстан жана Түркия бар.