«Бүтүн Кыргызстан» Сеул менен Владивостокто эң көп добуш алды

Түштүк Кореянын Сеул шаарында жана Орусиянын Владивосток шаарында парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Ага ылайык биринчиликти «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алды.

Сеулда: «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 45 добуш алган, «Реформага» 28 шайлоочу добуш берген жана үчүнчү орунду «Ыйман Нуру» партиясы алган — 26. Жалпы 159 кыргызстандык шайлоого катышып, бир бюллетень жараксыз болуп калган.

Владивостокто: «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 95 киши добуш берген, «Мекенчил» партиясы 18, «Ыйман Нуру» 15 добушка ээ болгон. Жалпы 164 киши шайлоого келген.

Саат 17:42ге карата жалпы шайлоочулардын дээрлик 37 пайызы добуш берди. Буга чейин Түштүк-Сахалинде да добуш берүү жыйынтыкталып ал жерде да «Бүтүн Кыргызстан» партиясы биринчиликти алды.

4-октябрда Кыргызстан парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоо участкалары чет мамлекеттердеги Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары жайгашкан имараттарда дагы ачылган.