Митингчилер «Ак үйгө» кирүүгө аракет кылууда. Укук коргоо органдары асманга ок чыгарды

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болуп чогулгандар «Ак үйдү» көздөй келип, анын короосуна таш, бөтөлкө сыяктуу нерселерди ыргытышты. Айрымдары темир тордон ашып өтүүгө аракет кылса, кээси дарбазаны сындырып ачууга аракет кылышты. Ал арада тосмодон ашып өтүп кеткендер дагы болду.

Несколько тысяч человек вышли на митинг на площадь Ала Тоо из-за несогласия с итогами выборов.

Posted by Kloop on Monday, October 5, 2020

Учурда митингчилер парламент имаратынын алдында чогулуп турат. Анда-санда имараттын короосуна таш, бөтөлкөлөрдү ыргытып жатышат.  Укук коргоо органдары имаратты камалап келгендерди таратуу үчүн катуу үн чыгаруучу куралдарды колдонуп, асманга ок чыгарды. 

Бул учурда топтолгондор качууга аракет кылышты.

Кабарчыбыздын жеринен кабарлашынча «Ак үйдүн» алдына ОМОНдор тизилип туруп, колундагы калкандарын каккылап, чогулгандарды коркутууга аракет кылышты. Андан сырткары укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көздөн жаш агызуучу газдарды колдонушту. Аянттагы кишилер качып жатышат.

ОМОН аянтта чогулгандарды таратууга аракеттерди көрүп жатат. Маал-маалы менен катуу үн чыгаруучу гранаталар жарылууда.