«Жалпы иш» фондунун байкоочулары бир нече мыйзам бузууларды аныктады

«Жалпы иш» коомдук фондунун көз карандысыз байкоочулары шайлоо күнү 252 участканын иши менен таанышышкан. Алар олуттуу жана майда делген бир катар мыйзам бузууларды байкоого алганын айтышты. Участкалардын 61.2 пайызында 10 жана андан аз шайлоочулар өздөрүн тизмеден таппай, убара болуп, добуш берүүгө катышпай калышты.

Ошондой эле, жабдуулардын иштен чыгуусунан улам участкалардын 7 пайызында бешке жетпеген адам добуш берүү укугунан ажыратылган. Жыйынтыгында техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам участкалардын 7.4%ында электрондук урналар жөнөкөй урнага алмаштырылган. Шайлоо участкаларынын 4%ында шайлоо процессине ыйгарым укугу жок адамдар байкоо салып олтурушту.

Байкоочулардын мобилдүү топтору 252 участкага барып, анын ичинен 27 участкада абал курч бойдон калууда деп белгилешкен. Алардын айтымында, 18 участкада мыйзамсыз үгүт жүргүзүү уюштурулса, тогузунда узун кезек түзүлүп, жетөөсүндө адамдарды унаалар ташып турган. Үч участкада ачык эле админресурс пайдаланылып, экөөндө урналар иштебей, шайлоочуларга басым болуп, аны менен катар добуштарды сатып алуу аракетти катталган.

Андан сырткары, участкаларда партия мүчөлөрүнө, журналисттерге, УШК мүчөлөрүнө кысым көрсөтүлгөн учурлар болгон. УШК мүчөлөрү менен байкоочулар ортосунда түшүнбөстүктөр жаралган. Байкоочулар УШК, АШК жана укук коргоо органдарына карата доо арыз жазышкан.

Алардын маалыматында Оштогу №5304 участкасында УШК мүчөлөрү шайлоочунун ордуна добуш беришсе, Бишкектин №1003 участкасында УШК төрагасы шайлоочунун урнага салбай кеткен бюллетенин өзү урнага таштаган. Оштогу дагы бир №5264 — участкасында мыйзамга каршы келген агитация жүргөн. Дээрлик көпчүлүк участкаларда жашыруун добуш берүү прингциптери сакталган эмес.