Бишкектеги башаламандык учурунда бир киши каза болду

Борбор калаанын тез жардам кызматынын маалыматы боюнча эртең мененки саат 8:00гө карата ооруканаларга 590 киши ар кандай жаракат менен кайрылып, бир киши каза болду.

439 кишиге биринчи медициналык жардам берилип, амбулатордук дарыланууга жиберилген.

Жаракат алган 150 киши ооруканага жаткырылды. Алардын 13ү реанимацияда.

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында укук коргоо органдары менен шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан бир нече миң демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду. Анын натыйжасында 6-октябрь күнү таңкы саат үчтөр чамасында митингчилер «Ак үй» менен УКМКнын имаратына кирип барышты. Андан сырткары Бишкек мэриясынын дагы имараты митингчилер тарабынан алынган

Шайлоонун жыйынтыгынан чыккан наразычылык митинги

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда саат 11:00 чамасында шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын мөөнөтсүз тынчтык митингги башталган. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешет — добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, шайлоочуларга басым кылуу.

Митингдин катышуучулары шайлоону тааныбай турушканын билдирип, шайлоону кайрадан өткөрүүнү талап кылышкан — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар», «Ордо», «Республика», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа».

Нааразычылык акциялары Нарын шаарында жана Талас шаарында да өткөн.