«Эскилер бийликке келбесин». Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат

Видеодон алынган скриншот

7-октябрда Бишкек шаарында өкмөт үйүнүн алдында митингчилер чогулуп турат. Андан сырткары борбордук «Ала-Тоо» аянтында жаштардын митинги өтүп жатат. Алар люстрация мыйзамын кабыл алып, эскилер бийликке келбешин талап кылышууда. «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова чогулгандардын алдына чыгып сүйлөп жатат. Ал «Достук» мейманканасында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны мыйзамсыз экенин, ал жакка депутаттарды күч менен алып келгенин эл өкүлдөрү бүгүн өздөрү айтып жатканын билдирди.

Ал ортодо башка Координациялык кеңеш түзүлгөнүн айткандар өкмөт үйүндө чогулуш кылды. Алдын ала таратылган пресс-релизде Максат Мамытканов («Чоң Казат») , Мирбек Мияров («Ордо»), Темирбек Асанбеков («Мекеним Ынтымагы»), Чынгыз Макешов («Ыйман Нуру») жана Урмат Жаныбаев («Реформа») билдирүү жасай турганы айтылган.

Буга чейин аталган беш партиянын өкүлдөрү бириккенин маалымдаган болчу.

Сегодня партии "Реформа", "Мекен Ынтымагы", "Чон Казат", "Ыйман нуру" и "Ордо" объединились, чтобы сказать беспределу...

Posted by Urmat Djanybaev on Sunday, October 4, 2020

Алар премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Садыр Жапаровдун талапкерлигин тааныбай турганын айтууда.

Өкмөт үйүнүн алдына чогулгандарды колдоп келген «Дербиш» фондунун директору Куттумидин Базаркулов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Эмне үчүн камактан чыккандар, качкын болуп кеткендер кайра келип өлкөнү башкарыш керек?» деп ачууланды.

«Качып кеткен Мелис Мырзакматов, камактан чыккан Садыр Жапаров келип башкарам деп жатат. Мындай болбош керек. Биринчи кезекте алар үйүнө чыгып келгенине сүйүнүп туруш керек. «Мен чыктым деп, Кудайга деле тобо кылыш керек, дароо бийликке жутунбаш керек», — деди ал.

Базаркулов ошондой эле, жаштар революция кылганы менен ошол революциялык жолду алып кете албай жатканын кошумчалады.

«Булар кимди карарын билбей, орто жолдо калды, дагы деле ким бийликке умтулса ошолордун көзүн карап жатат. Жаштар болгондон кийин жаштык демди да рухту дагы көрсөтүш керек болчу», — деди Базаркулов.

Ал андан сырткары бүгүнкү бийлик жаштардан түзүлүш керектигин жана жаштарга жол көрсөткөн жаңы адамдар, жүздөр келиши керектигин кошумчалады.

«Реформа» партиясынын өкүлү Акжолтой Тукунов эски саясатчылар жаштар узурпацияланган бийликти кетирүү үчүн аларга таш ыргытып, революция жасап жүргөндө алар мансап, бийлик бөлүштүрүп отурганын айтып ачууланды. Ал жаштар ревоюцияны эскилер үчүн, же бир саясий партия үчүн жасабагынан билдирди.

«Азыр депутаттык мандат эмес, кресло талаш болуп жатат. Биз революция кылып жатканда бул жактагы эски көпөстөр, эски паракорлор кызмат орундарын бөлүшүп алышыптыр», — деди ал.

Тукунов андан сырткары бул жакта турган жаштар «эскилер, коррупцияга, криминалга аралашкандар бийликке келбесин» деген талапты коюп жатканын билдирди. Себеби, мындай адамдар мансапка жеткенде бардыгы башкача болуп кетүүдө. Эгер бул ирет эл туура чечим кабыл албаса, үчүнчү ирет утулуп калышы ыктымалдыгын баса белгиледи.

5-октябрда Бишкекте массалык митингдер өтүп, анын жыйынтыгында 6-октябрда түндө «Ак үй» алынды. Андан кийин митингчилер УКМКнын имаратын басып алышкан.

6-октябрда эртең менен айрым партиялардын өкүлдөрү бир катар мамлекеттик мекемелерди басып алып, өздөрүн жаңы жетекчи деп атай башташты. Ушул эле күнү БШК 4-октябрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. 13 партия биригип Координациялык кеңеш түзүшкөн. Анын катарына Мадахан Мадумаров, Жанар Акаев баштаган бир топ партиянын өкүлдөрү кирген болчу. Алар эл ишенимине ээ болгон лэдик өкмөттү курууну пландап жатат.