КТРКда сутка ичинде эки жолу башкы директор алмашты. Ал жакта эмне болууда?

Кыргызстанда 5-октябрда Жогорку Кеңештин имараты басып алынгандан кийин айрым саясатчылар өздөрүн ар кандай кызматтарга дайындай башташты. Ошондой эле, интернетте пайда боло баштаган билдирүүлөргө караганда, топтошкон адамдар ар кайсы ведомстволорго, телеканалдарга барып, өз адамдарын башчы кылып дайындай башташкан.

Ушундай эле окуя коомдук телерадиоберүү корпарациясында (КТРКда) да жүз берди. Митингдерге чейин КТРКны Жайнак Үсөн уулу жетектеп келген, ал 6-октябрда өз ыктыяры кызматтан кеткен. Корпорациянын байкоочу кеңеши анын кызматтан кетүү арызын кабыл алып, башкы директордун милдетин аткаруучу кылып Жылдыз Бакашованы дайындаган.

Медиа Полиси Институту кабарлагандай, бул кызматка дагы эки адам сунушталган. Алар — Мирлан Самыйкожо жана «Бир Бол» партиясынан депутаттыка талапкер Чынар Капарова.

«Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Чынар Капарова менен Мирлан Самыйкожо кызматтарын тапшырганына байланыштуу, абал турукташканга чейин башкы директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп бир добуштан Жылдыз Бакашова дайындалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок кечке маал телеканалдын жетекчилиги кайра алмашкан. Медиа Полиси институту корпорациянын байкоочу кеңешинин мүчөсү Тимур Алходжоевдин айткандарына таянуу менен кечки саат 7лерде ал жакка адамдардын тобу келгенин кабарлаган.

Алар «өз билемдик кылып, Мирлан Самыйкожону башкы директордун милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган». Байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев бул маалыматты тастыктап берди.

«Башкы кеңсеге келгенибизде Мирлан Самыйкожо өзүн башкы директордун милдетин аткаруучу деп жарыялаганын билдик. Байкоочу кеңештин таратылганын, каналдын улуттук деген макамы кайтарыла турганын дагы Мирландан уктук», — деди ал, 24.kgге берген маегинде.

Керимбаев байкоочу кеңештин мүчөлөрүн КТРКнын имаратына киргизбей жатышканын кошумчалады.

«Азыр Байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен WhatsApp аркылуу бул жагдайды талкуулап жатабыз. Бийлик нормалдашаарын күтүүдөбүз, ошондо бардыгы укук талаасына кайтат. КТРКда башкы орган болуп Байкоочу кеңеш эсептелет жана юридикалык жактан алганда Жылдыз Бакашова башкы директордун милдетин аткаруучу. Азыр Мирлан Самыйкожо кабыл алып жаткан аракеттердин бардыгы, — мыйзамга каршы келет», — деп белгиледи ал.

КТРКнын Байкоочу кеңеши бул боюнча расмий билдирүү даярдоодо.

«Ала-Тоо 24түн» жамааты Капаровага каршы

Керимбаевдин айтымында, Жылдыз Бакашова КТРКнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалгандан кийин дароо эле Чынар Капарованы «Ала-Тоо 24түн» продюсери кылып дайындады, бирок аны жамаат кабыл алган жок.

6-октябрда «Ала-Тоо 24түн» жамааты видео кайрылуу жасап, жаңы жетекчи менен иштеше албай тургандыктарын айтышкан.

«Биз легитимдүү продюсер Сюита Соурбаева менен жакшы иштешип жатканбыз. Бүгүн «Бир Болдун» балдары басып кирип ишибизге тоскоол болуп, ур-токмокко алабыз деп коркутуп, «Ала-Тоо 24» каналынын жетекчилигин тартып алышты. Мындан улам коомчулуктан, ЖМК жана саясий партиялардан жардам сурайбыз»,— дешти алар.

Кийин фейсбукта Мирлан Самыйкожо, Чынар Капарова, Сюита Соурбаева жана адамдардын тобу (болжолдуу телеканалдын кызматкерлери) «Бир Бол» же алардын катарында эместер деп бөлүнбөгүлө деп суранган видео тараган. Самыйкожого Чынар Капарованы орун басары кылып, «Ала Тоо 24» каналынын продюсери Соурбаеваны ордунда калганын айткан.

«Соурбаева продюссерлик ишин уланта берсин», — деди Самыйкожо.