Өзгөчө абал. Президент Бишкекке аскердик түзүлүштөрдү киргизүүгө буйрук берди

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагында 9-октябрь кечки саат сегизден баштап, 21-октябрь саат таңкы сегизге чейин өзгөчө абал режимин киргизди. Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Бишкектин коменданты болуп дайындалды.

Борборго коменданттык саат киргизилип, массалык иш-чараларга жана чогулуштарга тыюу салынат. Массалык түрдө топтолуп турган жарандардын документтери текшерилет. Өзгөчө абалдын эрежелерди бузгандар Бишкек шаарынын тургундары болбосо алар сыртка өз эсебинен чыгарылат.

Президенттин буйругу менен ИИМ, УКМК жана Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн комендант Орозалиевге ар тараптан көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын аймагына Куралдуу күчтөрдүн аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү киргизилет. Президент Жээнбеков жаңыдан дайындалган Генералдык штабдын башчысы Таалайбек Өмүралиев менен жолугуп, коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады.

«Учурдагы кырдаалга жараша, биз тез арада абалды колго алып, тынчтыкты бекемдөөгө милдеттүүбүз. Шаарда кагылышууларды болтурбоо максатында өздүк курамды бронетехника менен алып чыгып, блокпостторду орнотуу зарыл», — деди Жээнбеков.