БШК Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу боюнча арызын карайт

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн Боршайкомго кайрылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, комиссия Текебаевдин арызын кийинки жумада карайт.

Учурда Текебаев үй камагында. 2020-жылдын август айында Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайрадан кароо боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген. Кийин райондук сот Текебаевди үй камагына чыгарган.

Текебаев 1 млн доллар пара алган деген айып менен 2017-жылы соттолгон. Анда сот саясатчыны 8 жылга камоо боюнча өкүм чыгарган.

Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Текебаев сот ага айыптоочу өкүмдү чыграганга чейин Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Ал мандатын Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинен кийин кайтарып алууга бел байлады. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ала-Тоо аянтына чогулуп, аны жокко чыгарууну жана президенттин отставкасын талап кылышкан. БШК 6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жокко чыгарды.

Нааразычылык акциясында митингчилер менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болду. Премьер-министр Кубатбек Боронов баш болуп, өкмөттүн аймактардагы бир катар өкүлдөрү кызматтарынан кетүү боюнча арыз жазды. Алардын айрымдары кайра өз кызматтарына кайтты.

Бул ортодо Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары кезексиз жыйынга чогула албай убара болуп жатат. Буга чейин «Достук» мейманканасында депутаттардын бир бөлүгү чогулуп, спикерликке Мыктыбек Абдылаевди, ал эми премьерликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүшкөн болчу. Бирок депутаттардын бир тобу Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка колдобой турганын билдиришти. 9-октябрда төрт партия — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» премьерликке Өмүрбек Бабановду жана биринчи вице-премьерликке Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөтөрүн жарыялашты.

10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында парламент депутаттарынын кезексиз жыйыны болору кабарланды. Алар жыйында премьер-министр боло турчу кишинин талапкерлигин жактырып, өлкө башчысынын Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү боюнча буйругун карашы керек.