Парламент премьер-министрдин милдетин аткаруучусу кылып Садыр Жапаровду бир добуштан жактырды

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, анда өкмөт башчынын милдетин аткаруучусу катары Садыр Жапаровдун талапкерлиги бекитилди. Залда отурган депутаттардын бардыгы «макул» деп кол көтөрдү.

10-октябрдагы кезексиз жыйынга 63 депутат катышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев кезексиз жыйынга катышуу үчүн залда 51 депутат отурганын, 10 депутат ишеним кат жазып бергенин жана дагы эки депутат жыйынга келе жатканын билдирген.

Анткен менен жыйындан түз алып көрсөтүүлөрдөн Жапаровдун талапкерлигине каршы болгон оппозициялык депутаттарды кезиктирүүгө мүмкүн болгон жок.

Бирок Абдылдаев каралчу маселелерге токтолгондон кийин анын кызматка келиши боюнч бир топ талаш-тартыш маселелер болуп жаткандыктан отствкага кетти. Жыйынды вице-спикер, 4-октябрда болгон парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери болгон Мирлан Бакиров алып барды.

Садыр Жапаров программасы менен тааныштырып, учурдагы жагдайга жараша өкмөттүн азыркы курамы эч өзгөрүүсүз калганын кошумчалады. Бирок жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Жапаровдун өкмөтү менен иштешпей, кызматынан кеткени белгилүү болду.

«Көпчүлүк депутаттар премьерликке мени сунуштады. Өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын аткаруу мага жүктөлүп отурат. Мага эң жогорку ишеним көрсөтүп, менин талапкерлигимди дал ушул кызмат орунга сунуштап жана колдоп жатканыңыздарга терең ыраазычылыкты билдирем. Ич ара чырдашып, көчөдө талашып-тартышып жүрүүгө убакыт жок», — деди ал.

Кезексиз жыйынга чогулган депутаттардын басымдуу бөлүгү Жапаровго суроо берип жатып, аны колдой тургандыктарын билдиришти. Мисалы Бакыт Төрөбаев Жапаров менен Ташивдин достугуна суктанып, чыныгы достордун үлгүсү ушундай болоруна токтолду.

Буга чейин 6-октябрда депутаттардын бир бөлүгү «Достук» мейманканасында чукул чогулуп, спикер катары Мыктыбек Абдылдаевди шайлап, премьер-министр катары абактан бир күн мурда тарапташтары тарабынан бошотулган Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырышкан болчу.

Бирок оппозициялык депутаттар бул жыйынга да катышкан эмес. Ошондой эле кворум сакталып-сакталбаганы боюнча көптөгөн шек саноолор айтылган. Мындан улам Жапаровдун премьер болушуна нааразы болгон депутаттар, саясатчылар жана шайлоого катышкан партиялардын талапкерлери, жарандык активисттер 9-октябрда митингге чыгышкан.

Парламенттик шайлоого катышкан төрт партия 9-октябрда — «Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Реформа» премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду бирдиктүү талапкер катары көрсөтүшкөн.

Андан сырткары төрт партиянын лидерлери биринчи вице-премьерликке Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөтө турганын маалымдашкан.

Шайлоого катышкан бир нече партиялардын лидерлери жана талапкерлери саясатчы Садыр Жапаровдун артында «Матраимовдор менен Жээнбековдун кланы турат» деп билдирүү таратышкан. Бирок Жапаров муну четке кагып, «Райым миллион камалат» деп элди ишендирген.

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Парламенттик шайлоого анын үй-бүлөсү менен байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясы да катышкан.

Шайлоонун жыйынтыгынан чыккан наразычылык митинги

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда саат 11:00 чамасында шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын мөөнөтсүз тынчтык митингги башталган. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешкен — добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, шайлоочуларга басым кылуу.

Митингдин катышуучулары шайлоону тааныбай турушканын билдирип, шайлоону кайрадан өткөрүүнү талап кылышкан — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар», «Ордо», «Республика», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа».

Ошондой эле демонстранттар шайлоодо алдыңкы үч орунду ээлеген бийликчил «Биримдик», Матраимовдорго байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары шайлоого катышпоосун талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА

Садыр Жапаровду эмне үчүн өкмөт башчылыкка мынчалык түртмөлөп жатышат?