Акыркы суткада COVID-19дан үч бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 11-октябрда коронавируска чалдыккан дагы үч бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын экөө Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда катталды.

Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен каза болгондордун саны 1085ке жетти — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, илдеттен 83 медкызматкер көз жумган.

Кыргызстанда 30-июль пандемия маалында көз жумгандардын элесине арналып Улуттук аза күтүү күнү болуп белгиленген.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 49 230 учуру катталды. Ооругандардын 44 395 илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.