Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июлду Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, бул күнү маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларга оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрдү токтотуу сунушталат. Андан сырткары Кыргызстандын бардык аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарындагы желеги ылдый түшүрүлөт.

Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус 33 296 кишиге жугуп, ал 1301 кишинин өмүрүн алды. Ошол эле маалда 21 205 киши оорудан сакайды. Кыргызстанда 17-июлдан тарта коронавирус жана ооруканадан тышкаркы пневмониянын статистикалары бириктирилди. Себеби, өкмөт пневмонияны коронавирус пайда кылып жатканын моюндады.


Буга чейин коңшу Казакстанда дагы коронавирустан каза болгондорду эскерүү — Улуттук аза күтүү күнү 13-июлда белгиленген.