Жумабеков Жапаровго: Түрмөдөн чыккандарды кайтаруу керек, бирок сиздин жагдай башкача

Жумабеков/Жапаров

Мурдагы спикер, депутат Дастан Жумабеков 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин кезексиз жыйынында премьерликке талапкер Садыр Жапаровго насааттарын жана тилектерин айтты.

LIVE. Парламент чукул жыйынга чогулду

LIVE. Парламент чукул жыйынга чогулду

Posted by Kyrgyz Azattyk Unalgysy on Saturday, October 10, 2020

«Бүгүн тарыхта кала турган күн»

Ал Жапаровго башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып кеткендерди кайтаруу керектигин айтып, ошол эле учурда алардын арасында болгон Жапаровдун жагдайын «башкача» деп атады.

«Эгерде мамлекет үчүн, кыргыз эли үчүн күйсөңүз баарын кайра ордуна — түрмөдө жатканын түрмөгө, суракта жүргөндөрдү суракка алып барып, акталса анда соттун негизинде акталсын деген чечимге келишиңиз керек. Сиздин жагдай белгилүү, саясий чечимдер менен түрмөгө отургузушкан. Аны элдин баары билген үчүн “Садыр” деп бүгүнкү күндө айтып жүрөт», — деди Жумабеков.

*6-октябрга караган түнү тарапташтары тарабынан абакта жазасын өтөп жаткан Садыр Жапаров да бошотулган. Ошол эле күнү Жогорку сот буга чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарып, Жапаровдун ишин кайрадан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн Башкы прокуратурага жиберген.

Ошондой эле ал, буга чейин 6-чакырылыш да, президент да коррупция менен «жакшы» күрөшкөнүн айтып, Жапаровдон бул ишти улантууну суранды.

«Бүгүн тарыхта калган күн [...] Эл каалап, шайлоодон кийин сиздин тарапташтарыңыз, кыргыз эли ушундай сунуш кылган экен, мында бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеш сиздин талапкерлигиңизди кыргыз өкмөтүнө бекиткени турабыз. Буюрса бекитилет деген ой-тилекти айткым келет. Жогоруда жакшы баяндаманы бердиңиз, аябай элге жагымдуу сөздөрдү айттыңыз да», — деди ал.

«Биз эмне үчүн чимкирик аталып калдык?»

Жумабеков спикерликти тапшыраардан мурда Садыр Жапаров менен акылдашканын белгилеп өттү. Ошондой эле ал эмне үчүн депутаттар «чимкирик» аталып калганына жооп берди.

«Сиз коррупция менен күрөшкөндү жакшы билесиз. Ошолордун баарын камаш үчүн биз көптөгөн мыйзамдарды анан токтомдорду кабыл алдык. Бул оңойго турган жок. Элдин ырыскысы үчүн биз ошондой кадамдарга бардык. Ошондуктан алар чычалап, бизге чимкирик деп ат коюшкан», — деди экс-спикер.

10-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын өткөрүп, анын катышуучуларынын баары премьер-министрдин милдетин аткаруучу катары Садыр Жапаровду тандашты.

Жыйынга 63 депутат катышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев кезексиз жыйынга катышуу үчүн залда 51 депутат отурганын, 10 депутат ишеним кат жазып бергенин жана дагы эки депутат жыйынга келе жатканын билдирген.

Анткен менен жыйындан түз алып көрсөтүүлөрдөн Жапаровдун талапкерлигине каршы болгон оппозициялык депутаттарды кезиктирүүгө мүмкүн болгон жок.

Буга чейин 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча, добуштардын көбүн президенттин иниси талапкер болгон бийликчил «Биримдик» партиясы жана Матраимовдордун кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» алган.

Шайлоонун жыйынтыктарына жана массалык эреже бузууларга саясий партиялар да, ошондой эле көптөгөн кыргызстандыктар да нааразы болуп, 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгышкан.

Ошол эле күнү кечинде митинчилерди кууп таркатуулар башталып, тынчтык митинги кагышууларга айланып кеткен жана анын натыйжасында Ак үй басылып алынып, айрым саясатчылар абактан бошотулган.

Анын ичинде Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Равшан Жээнбеков жана Садыр Жапаров да бар.

Садыр Жапаров Каракол шаарында жана 2013-жылы Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митингди каржылоого күнөөлүү деп табылып, 11,5 жылга эркинен ажыратылган. Сот Жапаров митингчилерди башкарып турган жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп митингчилерге буйрук берген деп эсептеген. Кийинчерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан. Каптагаев өзү болсо Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин айтып, саясатчынын ишин кайра карап чыгууну сураган.

Садыр Жапаровду эмне үчүн өкмөт башчылыкка мынчалык түртмөлөп жатышат?