Атамбаев, Жапаров, Исаков жана Жээнбеков абактан чыгарылды

Бишкектеги митинг учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-депутаттар Садыр Жапаров жана Равшан Жээнбеков, экс-премьер-министр Сапар Исаков тарапташтары тарабынан абактан бошотулду.

Алгач митингчилердин айрымдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басым алып, Атамбаевди бошотууга аракеттенишкен. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ал атайын кызматтын тергөө абагынан чыгарылган.

*Атамбаев 2019-жылы 9-августта кармалган — ошол күндөн бери ал пневмониянын айынан ооруканага которулуп турганы болбосо камакта эле болууда. 2020-жылдын аралыгында соттор Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иш боюнча «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табышкан. Мурдагы өлкө башчысына 11 жыл абак мөөнөтү берилген. Мындан сырткары мурдагы президентке дагы төрт кылмыш иштери боюнча айып тагылган.

Кийинчерээк митингчилер №27 колонияда кармалган саясатчы Садыр Жапаровду бошотуп, аянтка алып келишкен. Жапаров элди аянттан тарап кетүүгө чакырган.

«Азаттыктын» түз эфиринен алынган скрин

*УКМК Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда кармап, камакка алган. Ал учурда президент Алмазбек Атамбаев болгон. 2018-жылы сот Жапаровду Каракол шаарында жана 2013-жылы Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митингди каржылоого күнөөлүү деп табып, 11,5 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан.

Ошондой эле экс-премьер Сапар Исаков Чүй облусундагы Молдовановка колониясынан бошотулганын анын жактоочусу Замир Жоошев кабарлады. Аны менен барабар Атамбаевдин тарапташы Мээрбек Мискенбаев да бошотулган.

*Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу коррупция боюнча 2019-жылы күнөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Исаковго Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңыртуу иштеринде коррупция тиешеси бар деп айып тагылып, сот аны 18 жылга эркинен ажыраткан.

Мындан сырткары №1 тергөө абагынан экс-депутат Равшан Жээнбеков эркиндикке чыкты.

Борьба продолжается! Всех благодарю!

Posted by Ravshan Djeyenbekov on Monday, October 5, 2020

*Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында кармалган. Ага өткөн жылдын август айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу окуяларына катышкандан кийин айып тагылган. Ошондо бийлик Атамбаевге коррупция боюнча айып таккан эле. 16-декабрда Биринчи май райондук соту Жээнбековду ТИЗО-1ге киргизген.