Жогорку сот: Садыр Жапаров акталган эмес, анын иши кайрадан териштирилет

Премьер-министрликке талапкерлигин койгон экс-депутат Садыр Жапаров сот тарабынан акталган эмес. Анын иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча Башкы прокуратурага сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн жиберилген. Бул тууралуу Жогорку соттун 6-октябрда чыгарылган токтомунда жазылган.

5-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын мөөнөтсүз тынчтык митингин уюштурушкан. Митингчилер кечки саат 8ге чейин бийликтен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

Көп өтпөй миңдеген киши Ак үйдү басып алып, 6-октябрга караган түнү «саясий туткун» делген бир нече мурдагы аткаминерлерди абактан бошоткон — алардын арасында экс-депутат Садыр Жапаров да болгон.

Ошол эле күнү Жогорку сот жактоочу Шарабедин Токтосунов экс-депутат Жапаровдун ишин «кайтадан ачылган жагдайлар» боюнча жазык ишти жаңыртып берүү боюнча жана мурдагы соттук чечимдерди жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырган.

Буга чейин Токтосунов Жапаров сот тарабынан акталганын кабарлаган, бирок бул чындыкка дал келбейт.

2018-жылы сот Жапаровду Каракол шаарында жана 2013-жылы Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митингди каржылоого күнөөлүү деп тапкан.

Сот Жапаров митингчилерди башкарып турган жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп митингчилерге буйрук берген деп эсептеген. Ал 11,5 жылга эркинен ажыратылган. Кийичерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан.

Каптагаев өзү болсо Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин айтып, үстүбүздөгү жылдын сентябрында саясатчынын ишин кайра карап чыгууну сураган. Өткөн жылдын ноябрь айында Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураган.