Кворум болгон эмес, парламенттин резиденциядагы чечими легитимсиз — Канатбек Исаев

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьерлик кызматка бекитип жатканда кворум чогулган эместигин, ал эми 10-октябрь күнү өткөн парламент жыйынындагы депутаттардын чечимдеринин бардыгы легитимсиз экенин билдирди. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Аида Касымалиева жана Наталья Никитенков да чечимиди мыйзамсыз деп аташкан.

Исаев «Азаттыкка» курган маегинде, «кворум болуш үчүн 61 депутат жыйынга катышусу керек» деп белгиледи.

«Алардын айтымында 51 депутат келип, 10 адам ишеним кат аркылуу добуш берген. Бирок, Азиз Турсунбаевден ишеним кат болгону менен, катышуучулардын эч кимисине берген эмес. Ал эми Иса Өмүркуловдун ишеним катын Сайдулла Нышанов алып жүргөндүгү айтылууда. Регламентке ылайык, ишеним кат фракциялаштар арасында гана берилиши керек. Демек, ишеним кат тууралуу сөз көп. Андан сырткары, жыйынга 51 депутат катышкан эмес», — деп билдирди Канат Исаев.

Исаев «Кыргызстан» партиясынын көз карашы тууралуу да айтып берген. Партиядагылар аянттагы тирештин катышуучуларынын бийликке келүүгө моралдык укуктары жок деп эсептешет. Эки тарапка тең ылайык адам керек. Ошондуктан «Кыргызстан» партиясынын лидери жана дагы ондон ашык депутат жыйынга келген эмес.

«Бул биздин принципиалдуу позиция. [Жыйында] болгон Урмат Самаев, партиябыздан чыгып кеткен, ал эми “Мекеним Кыргызстанда”. Ошондуктан ал үчүн жооп бере албайбыз», — деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, Канатбек Исаев мурдагы спикер Дастан Жумабековдун кезексиз жыйында Жапаровго карата айткан колдоо сөздөрү «Кыргызстан» партиясынын көз карашын чагылдырбасын айтты.

Исаев Садыр Жапаровдун дайындалышын да сынга алды. Анын айтымында, эгер Жапаров мыйзамды сыйлаган, өлкөдө абалды турукташтырууну көздөгөн адам болсо, анда анын тарапкерлери тартипти сакташмак. Мурдараак Исаев аянтта митингчилер таш ыргытып, «күндүз» ок чыгарышканын эске салган.

«Бийликке зомбулук көрсөтүп келгендер, андан ары да кылмыш кыла беришет», — деп билдирди Исаев.

Ошондой эле ал Жапаровдун ИИМдин жаңы башчысын дайындаганынын мыйзамдуулугун да күмөнгө койду — алгач президент Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитиши керек, андан кийин ал ант берип, андан соң гана кадр маселелерин чечүүгө киришиши керек.

Президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасына байланыштуу маселе боюнча «Кыргызстандын» лидери бул кадамга каршы чыкты. Анын пикиринде, бул жакшылыкка алып келбейт, себеп дегенде парламенттин спикери жок болсо президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчысы дайындалып калат.

Парламент 10-октябрда кезексиз жыйында Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекиткен. Бирок юристтер жана саясатчылар жыйында бузуулар болгон жана парламенттин чечими легитимдүү күчкө ээ эмес деп билдиришүүдө.

Буга чейин 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы нечен миңдеген митинг өткөн. Нааразылык акциясы күч кызматкерлери менен болгон кагылышка жана «Ак үйдү» басып алууга өтүп кеткен.

6-октябрга караган түнү митингчилер абактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-депутат Садыр Жапаров жана башка аткаминерлер менен саясатчыларды бошотушкан.

Кийинчерээк БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныган.

Ал эми 10-октябрда укук коргоо органдары элдик толкундун шааниси менен эркиндикке чыгып кеткен мурдагы президентти жана башка мурдагы аткаминердерди кайра кармаган. Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абак жайларынан чыгып кеткендердин бардыгын кайтып келүүсүн талап кылган.