Адахан Мадумаров: «Бүгүнкү күндө президент — легитимдүү жалгыз орган»

Адахан Мадумаров. «Азаттык» басылмасы менен болгон маектен скрин

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров учурдагы саясий кырдаал тууралуу «Азаттык» басылмасына маек курду. Интервью 12-октябрда жарыяланды.

Мадумаровдун айтымында, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кете турган болсо, анда өлкөдө бир да легитимдүү мамлекеттик орган жок болуп калат. Анткени Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын иши эки аптадан кийин аяктайт.

«Эки аптанын ичинде баарын мыйзамдаштырып алуу керек. Жээнбеков — мен тааныбаган президент экенин баары жакшы билет. Бирок бүгүнкү күндө өлкөнү ал кишиден башка эч ким жөнгө сала албайт. Ошондуктан ал үч күндө, же беш күндө кетиши керек деген сөздөр өлкөнү коркунучка салып коёт. Орусиянын саясат таануучулары бекеринен айткан жок “Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготуп алуу алдында турат” деген сөздү», — деди Мадумаров.

Премьер-министрликке бекитилген Садыр Жапаров «Ала-Арча» резиденциясында депутаттарга эгерде алар өкмөттүн курамы менен түзүмүн бекитип беришсе, президент Жээнбеков «2-3 күндө кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып берет» деп ишендирген.

Ошондой эле, Мадумаров Жээнбековду тез аранын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн белгилөөгө чакырды. Анын айтымында, президент мындай чечимди бүгүнкү күндөгү кырдаалды, коронавирус пандемияны жана бюджетти эске алып кабыл алышы зарыл.

«Президент конституциянын талапатарын кыйшаюсуз аткарам деп ант ичкен. Ал эми Конституциянын талабы бүгүнкү күндө ушундай — легитимдүү аткаруу бийлигин кураш керек. Андан кийин ал киши [Сооронбай Жээнбеков — ред.] кандай иш-чараларды жасайт ал өзүнүн иши. Эгер ал Жогорку Кенештин шайлоосун дайындабаса, анда БШК дайындашы керек. Биздин эсебиз боюнча шайлоо же 13 же 20-декабрга туура келиши керек», — деп түшүндүрдү лидер.

Жапаровдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка каралып жатканда «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов ага жаңы шайлоонун датасы тууралуу пикирин сураган. Анда Жапаров «элдин талабы бир мандаттуу шайлоо» болуп жатат деп билдирген. Ошондой эле шайлоону качан өткөрүү, кантип өткөрүүнү Боршайком, парламент менен кеңешип чечели деген жоопту айткан.

Сулайманов болсо Жапаровдун пикири Конституцияга каршы келерин белгилеп, БШК бир айдын ичинде шайлоо убактысын бекитиши керектигин белгилеген.

«Маселе партияларда эмес. Маселе башкада болуп атпайбы. Шайлоодо эркин аттаандашуу берилбегендиги үчүн, эркин атааандашуу берилсе... Админресурс, добуш сатып алуу жана форма №2 сыяктуу тоскоолдуктар бар. Эгерде адилеттүү болгон болсо, мындай маселе жаралмак эмес. Маселе ал партиялык системада эмес, ушуда болуп жатпайбы», — деген Сулайманов.

Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева президент менен жолукканын айтып, анын кызматтан кетүүгө укугу жоктугун билдирген.

Беш күндүк саясий кризис

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин тынчтык митинги башталган. Саат 11ден тартып митинг тынч өткөн. Кечке маал нааразы тараптын айрымдары Ак үйдүн тосмосун жулкулдатып башташкан. Ошондон кийин гана, курал-жарагы жок, күнү бою көчөлөрдө тартипке көз салган укук коргоо кызматкерлери митингчилерди кубалай башташкан. Акциянын катышуучуларын күч менен таркатуу учурунда 19 жаштагы бала жарадар болуп, көз жумган.

Күч кызматкерлери суу аткычтарды, резина окторду, газ, үн чыгаруучу гранаталарды колдонушкан. Ал эми митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, союлдарды колдонушкан. Түн жарымдан кийин күч салмагы ооп, митингчилер парламенттин имаратын басып ала алышкан. Ал убакта эки тарапта тең жарадар алгандар болгон.

Андан соң демонстранттар УКМКга барып, дарбазасын талкалашкан, ал эми атайын кызматтан жаңжалдын кереги жоктугун айтып, жергиликтүү ТИЗОдон мурдагы президент Атамбаевди бошотуп беришкен. Андан кийин Атамбаевдин тарапкерлери анын үзөңгүлөштөрүн, Сапар Исаковду жана мурдагы жансакчыларын бошотушкан. Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев 6-октябрда чыккан сот чечиминин негизинде Алмазбек Атамбаев жана Кой-Таш окуясы боюнча башка соттолгондор 2020-жылдын 11-ноябрына чейин үй камагына чыгарылганын кабарлаган.

Ошол эле учурда Атамбаевге оппозициячыл маанайдагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан бошотууга үлгүрүшкөн. Андан кийин алар Жапаровду борбордук аянтка алып келип, премьер-министрлик кызматка дайындоо талабын айтып чыгышкан.

Агрессивдүү эркектерден турган топ 10-октябрга чейин Жапаровдун премьер болушун талап кылып, аянттан кетпей коюшкан. Алар дүкөндөрдү талап-тоноого, журналисттерге кол салууга аракет кылышкан. Ал эми 9-октябрда оппозициянын жана УКТга каршы тынчтык митингинин катышуучуларына кол салышкан. Алардын катарында Алмазбек Атамбаев жана ага тиешеси жок оппозициячыл жаш саясатчылар дагы болгон.

Эки митингдин кагылышуусунда Атамбаевдин автоунаасына белгисиз адам төрт жолу ок чыгарган. Нааразычылык акциясынын натыйжасында депутаттар тобу тарабынан премьер-министрлик кызматка дайындалган Садыр Жапаров, ок атууну Атамбаев өзү уюштурган деп билдирген.

Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы жөнүндөгү токтомго парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров 12-октябрда кол койгон. Бакиров парламенттик шайлоого Матраимовдорго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер. Эми жогорудагы токтомго президент Сооронбай Жээнбеков кол коюшу керек.