Садыр Жапаров: Сооронбай Жээнбеков менен жолуктум

Премьер-министрликке сунушталып жаткан Садыр Жапаров «Ала-Арча» резиденциясында парламенттин кезексиз жыйынында депутаттардын алдында өкмөттүн курамы менен түзүмүн сунуштап, суроолорго жооп берип жатат.

Жапаров өз сөзүндө эгер парламент бүгүн өкмөттүн курамы менен түзүмүн бекитип берсе, Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып кызматтан кетем деп сөз бергенин билдирди.

«Сооронбай Шарипович менен жолуктум. Эгер силер өкмөттүн курамы менен түзүмүн бекитип берсеңер ал арызын жазып берип кетем деген сөзүн айтты», — деди ал.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков эгер өкмөттүн курамы мыйзамдуу бекисе ал кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирген болчу.

«Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын», — деп айтылат кайрылууда.

Анын айтымында, учурда премьер-министр болуп саналган Кубатбек Бороновду, анын ичинде мурдагыдай бийликтин легитимдүү булактары болуп эсептелген өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирүү керек.

Ошондой эле БШК жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнүн күнүн дайындашы керек жана бул «кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат».