«Отставкага кетүүгө укугу жок». Роза Отунбаева президент Жээнбеков менен жолукту

Сүрөт: Султан Досалиев

Экс-президент Роза Отунбаева өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын «24.kg» басылмасына тастыктады. Отунбаева президентке учурда «кызматынан кетүүгө укугу жок» экенин айткан.

«Мен ага азыр кете албастыгын айттым. Бир гана моралдык жүйөөлөрдөн улам эмес. Сооронбай Жээнбеков өзүнүн элине ант берген — республика, мамлекет, жалпы кыргызстандыктарга кызмат кылууга ант берген. Учурда ал өлкө үчүн, баарыбыз үчүн темир калкан болушу керек», — деди Отунбаева.

Экс-президенттин айтымында, Жээнбеков республиканы укуктук талаага кайтаруу боюнча убадасын аткарышы керек. Ошондой эле Отунбаева учурдагы кырдаал боюнча бир гана юристтер эмес, коомдун бардык катмарларынын өкүлдөрү дагы үн катышы керектигин белгилеген — алардын ичинде маданий жана илимий интеллигенция да бар.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков эгер өкмөттүн курамы мыйзамдуу бекисе ал кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирген болчу. Анын сөзүн премьер-министрдин милдеттин аткаруучусу Садыр Жапаров да тастыктаган.

«Сооронбай Шарипович менен жолуктум. Эгер силер өкмөттүн курамы менен түзүмүн бекитип берсеңер ал арызын жазып берип кетем деген сөзүн айтты», — деген Жапаров.

Анткени менен Жапаровдун премьер-министрликке дайындоосу күмөн жаратууда — Жогорку Кеңештин бир нече депуттары аны өкмөт башчылыкка эки жолу бекитүүгө чогулушкан. Бирок эки учурда тең кворум сакталбаганы айтылууда.

Алгач, 6-октябрда, 35ке жакын депутат «Достук» мейманканасында Садыр Жапаровду премьерликке жактырып, Мыктыбек Абдылдаевди спикер кылып шайлаган. Ал эми айрым депуттар ишеним кат бергени айтылган, бирок ал каттар бар же жогу белгисиз. Ошондой эле ал учурда премьер-министр Кубатбек Боронов кызматынан расмий түрдө кете элек болчу.

Экинчи жолу депуттар президенттин «Ала-Арча» резиденциясында 10-октябрда чогулушкан. Ал жерге премьерликке талапкерлигин койгон Садыр Жапаров да келген. Кезексиз жыйынга 63 депутат катышканы кабарланган.

Ал эми парламенттин ошол учурдагы төрагасы Мыктыбек Абдылдаев жыйында 51 депутат отурганын, 10 депутат ишеним кат жазып бергенин жана дагы эки депутат жыйынга келе жатканын билдирген. Эл өкүлдөрү бир нече сааттан кийин Садыр Жапаровду премьер-министрликке койгон талапкерлигин жактырган.

Көп өтпөй юристтер жана айрым депутаттар, саясатчылар Садыр Жапаров легитимсиз премьер-министр экенин билдиришкен. Алардын айтымында, кворум сакталышы үчүн 61 депутат жыйында отурушу керек, андан кийин гана ишеним кат күчүнө кирет — бул деген Жапаровдун талапкерлиги каралганда кворум сакталбаганын билдирет.

Ал эми Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын пикиринде, мыйзам боюнча вице-премьер Алмазбек Баатырбеков өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусу бойдон калууда. Ал эми өзү спикердин милдетин аткаруучусу болуп саналат. Касымалиеванын айтымында, эгер кимдир-бирөө Жапаровду дайындоо тууралуу документке парламенттин расмий токтомуна катары кол койсо, «мындай аракеттер бийликти күч менен басып алуу квалификациясына туура келип калат».