Бакиров: Жапаровду дайындоо жана өкмөттү бекитүү жөнүндө токтомго кол коюуга эч ким мажбурлаган эмес

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров билдиргендей, аны өкмөттүн курамы менен программасын бекитүүгө жана Садыр Жапаровду премьер-министрликке дайындоо жөнүндө токтомго кол коюуга эч ким мажбурлаган эмес.

«Кабыл алган токтомдорду кайрадан иштеп чыгып, оңдоп-түздөп юридикалык жагын жалпы бөлүм, экспертизалык бөлүм карап, колдорун коюп келгенден кийин ошол отурумду алып барган төраганын колун коюп берүү менин милдетим болду», — деди Бакиров «Азаттыкка» курган маегинде.

Ал бүгүнкү күндө президент жана Жогорку Кеңеш гана легитимдүү экенин белгилеп, жаңы парламенттик шайлоону өткөрүп, өкмөт башчыны шайлаганга чейин Сооронбай Жээнбеков кызмат ордунда калышы керек деп билдирди. Ошондой эле, азыркы министрлер кабинетинин убактылуу курамы президенттин жарлыгы чыгып, парламентте ант бергенден кийин гана толук кандуу иштеп баштайт.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери жана вице-спикер Мирлан Бакиров 10-октябрда, парламенттин кезексиз жыйынында өкмөттүн программасын жана курамын бекитүү жөнүндө токтомго кол койгон.

Кийинчерээк, дагы бир вице-спикер Аида Касымалиева фейсбук баракчасында «вице-спикер Мирлан Бакировду кол коюуга мажбурлашса деле эч нерсе өзгөргөн жок. Мыйзамсыз нерсе мыйзамсыз бойдон калууда» деп жазган.

Даже если это правда, что вице-спикера М.Бакирова вынудили подписать. Ничего не изменилось. Незаконное остается...

Posted by Aida Kasymalieva on Monday, October 12, 2020

Эми президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин токтомуна кол коюп же аны кайра толуктап иштеп чыгуу үчүн парламентке каршы пикир жөнөтө алат.

«Президент үч күндүн ичинде премьер-министрди жана башка өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат. Эгер президент аталган мөөнөттүн ичинде премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарбаса, алар дайындалды болуп эсептеле берет», — деп айтылат Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүмүндө.

Учурдагы депутаттардын бир бөлүгү 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн депутаттардын кезексиз жыйында Жапаровдун талапкерлигин колдогон. Ошондой эле Жапаров сунуштаган өкмөттүн курамы жана программасы да бир добуштан колдоо тапкан.

Тагыраагы, премьер-министриликке талапкер анда «убакыт абдан аз болгонун» айтып, жаңы эч нерсе сунуштаган эмес. Анткен менен ал өкмөттүн курамына «жаштарды көбүрөөк киргизүүнү» убадалаган.

Жапаров өкмөт башчысынын кызматына бекитиле элек, бирок өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүүлөрүндө аны премьер-министр деп жаза баштаган. Ал эми бүгүн Жапаров өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу катары алгачкы кеңешмесин өткөрүп, ички иштер министринин милдетин аткаруучу кызматына Улан Ниязбековду тааныштырды.

«Кворум болгон эмес»

Анткен менен Жапаровдун өкмөт башчылык кызматына дайындалышына баары эле макул эмес. Дароо бир нече депутат Жапаровдун талапкерлиги бекитилген парламенттин мамрезиденциядагы жыйынында кворум болгон эместигин, депутаттар жетиштүү санда чогулбаганын билдиришкен. Мындан тышкары, аталган жыйында парламенттин жаңы эле шайланган спикери Мыктыбек Абдылдаев ыйгарымдарынан баш тарткан.

Андыктан депутаттар Аида Касымалиева, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев жана Канат Исаев ошол учурда парламент кабыл алган чечимдерди легитимсиз деп эсептешет. Аны менен катар, эл өкүлдөрү, регламент боюнча Жапаровдун талапкерлигин алгач комитеттерде, фракцияларда жана көпчүлүк коалицияда талкууланышы керек эле дешүүдө.

Мындан тышкары, Никитенко жана Касымалиева ошол күнү депутаттарга коркутуу менен кысым болгонун айтып чыгышкан. Вице-спикер Касымалиева аны «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Урмат Самаев коркутканын жазган. Ал эми Самаев бул айыптоолорду «жалган» деп атаган.

12-октябрда парламенттин басма сөз кызматы 10-октябрдагы резиденцияда өткөн отурумга катышкан, ошондой эле кесиптештерине ишеним кат берген депутаттардын тизмесин жарыялаган. Анда жыйынга 51 депутат өздөрү келип, 10 адам ишеним кат жөнөткөнү белгилүү болгон.

Садыр Жапаров добуш берүүдөн кийинки басма сөз жыйында кызматка расмий түрдө киришкенин билдирген.