Өкмөттүн маалымат кызматы Садыр Жапаровду премьер-министр деп жаза баштады

Садыр Жапаров өкмөттүн аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы өз билдирүүсүндө Жапаровду премьер-министр деп жаза баштады.

Маалыматта Жапаров жыйында өлкө чоң саясий жана эконимакалык реформалардын алдында турганын белгилеген. Ошондой эле, өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү экенине токтолуп, бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарылдын айткан.

Жапаров андан сырткары мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтып, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турганын белгилеген.

Жыйындын соңунда ал бир катар тапшырмаларды берген. Анын ичинде күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо жана коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу да бар.

Өкмөттүн маалымат кызматы Садыр Жапаровду премьер-министр деп жазганы менен бир катар депутаттар, саясатчылар, юристтер Жапаровду премьер-министр деп тааныбай турганын билдиришүүдө. Алардын бири вице-спикер Аида Касымалиева. Ал 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворум болбогонун жана алардын премьер-министрликке Садыр Жапаровду көрсөтүшү мыйзам бузуу менен өткөнүн айтууда.

Касымалиеванын айтымында, эгер кимдир-бирөө Жапаровду дайындоо тууралуу документке парламенттин расмий токтому катары кол койсо, «мындай аракеттер бийликти күч менен басып алуу квалификациясына туура келип калат».

Касымалиева Жапаровду премьерликке дайындоо тууралуу токтом жок деп көшөрүүдө. Ал мыйзам боюнча премьердин милдетин аткаруучу Алмазбек Баатырбеков, ал эми спикердин ыйгарым укуктары ага өтүшү керектигин айтууда.