Вице-спикер Бакиров Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитти

Мирлан Бакиров

Вице-спикер Мирлан Бакиров премьер-министр кызматына Садыр Жапаровду бекиткен токтомго кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Ошондой эле ал, министрлер кабинетин бекитти — бирок өкмөттүн курамы дээрлик өзгөргөн жок. Вице-премьер Эркин Асрандиев өз каалоосу менен кетти, ал эми ИИМдин башчысын Жапаров өзү алмаштырып, министрдин милдетин аткаруучу катары Улан Ниязбековду дайындады.

Жапаров программасында жаңы нерсе сунуштай алган жок — муну ал убакыттын тар болгондугу менен түшүндүрдү.

Ал толук кандуу өкмөт башчы болуусу үчүн токтомго президент кол коюшу керек — Жээнбеков учурда кол коё элек. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы Жапаровду премьер-минстр деп жаза баштады.

Биринчи вице-спикер Аида Касымалиева Бакировдун токтомго кол койгону боюнча пикирин бидирип, «Жапаровдун дайындалышы баары бир мыйзамсыз бойдон калат» дейт.

«Эгер Бакировду кол коюуга мажбурлашканы чын болсо да эч нерсе өзгөрбөйт. Мыйзамсыз нерсе мыйзамсыз бойдон калат. Бир гана нерсе өзгөрдү — кылмыш ишин козгоо үчүн негиз жаралды жана мен бул ишке ашат деп ишенем», — деп жазды Касымалиева.

«Ала-Арча» резиденциясында 10-октябрда өткөн парламенттин кезексиз жыйынында депутаттардын бир бөлүгү Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин колдошкон. Жыйынга 54 депутат катышып, 10у ишеним кат аркылуу добуш берген.

Анткен менен айрым саясатчылар, жарандык активисттер жана укук коргоочулар Жапаровдун дайындалышын мыйзамсыз деп эсептешүүдө — көпчүлүк жыйында кворум болгон эмес деген пикирде. Алардын айтымында, мыйзамга ылайык, жыйында кворум сакталышы үчүн кеминде 61 депутат залда болушу керек эле, ошондой эле ишеним кат берүүдө эреже бузулган.

Мындан сырткары Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы жыйынга катышкандардын тизмесин жарыялап, ал коомчулукта кызуу талкууга алынды — ак кагазга 54 депутаттын фамилиясы жазылып, дата, кол коюлбай, мөөр да басылган эмес.

Ал эми Жапаровдун тарапташтары анын легитимдүүлүгү боюнча шек саноолорду бир гана «провокация» деп аташууда.

«Кворум болгон жок». Жапаровдун кызматка келишинде мыйзам бузулганбы?