Темирлан Султанбеков Садыр Жапаров менен жолугушуусу тууралуу айтып берди

Кадыр Атамбаев өзүнүн фейсбук барагында Темирлан Султанбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун 14-октябрдагы жолугушуусу тууралуу чакан пост жарыялады.

Султанбековдун айтымында, ал бул жолугушууда Жапаровду колдогон эл бар экенин жана ал ката кетирбеши керектигин айткан.

«Ал [Садыр Жапаров] баарын таза барактан баштоого даяр экенин айтты. Ошондуктан, менимче, эгер ал өлкө үчүн ушундай кыйын учурда кризис-менеджердин жоопкерчилигин өзүнө алып, Жээнбековдорду айдап чыгарууга даяр болсо, анда аны бул иште колдош керек», — деди Султанбеков.

Жапаровдун коомго коркунуч жаратпаган саясий атаандаштарды куугунтуктоого жол бербеш керек деп айткан сөздөрүнөн кийин Султанбеков бошотулган.

«Белгилеп кетер элем, менин премьер-министр сыяктуу сотко, прокуратура органдарына жана тергөөгө таасир эте тургандай укуктарым жок жана андай моралдык укукка ээ эмесмин. Биз умтулуп жаткан укуктук мамлекетте абакка киргизилген коомдук жана саясий ишмерлерди үй камагына чыгарып, алмаштырып койсо болот», — деп айткан Жапаров.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков Бишкекте 9-октябрда болгон массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелип, УКМКнын кызматкерлери тарабынан 10-октябрда кармалган.

Султанбеков кармалгандан кийин кат жазып, аны кыйнайбыз деп коркутуп жатышканын айтып, ачкачылык жарыялаган. Ал эми 14-октябрда Бишкек шаардык соту аны үй камагына коё берген.

Султанбековду саясатчы Өмүрбек Бабанов, Жанар Акаев жана башка депутаттар коргоп, «Социал-демократтар» партиясынын талапкерин бошотууну талап кылышкан.