Жээнбеков УКМКнын башчысын кызматтан алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевди кызматынан бошотту.

Опумбаев УКМКнын башчылыгына 2019-жылдын июнь айында дайындалган болчу.

Буга чейин президент премьер-министр Кубатбек Бороновду жана өкмөттү отставкага кетирүү тууралуу буйрукка кол койгон болчу.

Президент да отставкага кетүүгө даяр

Жээнбековдун басма сөз кызматы өлкө башчысынын жаңы кайрылуусун жарыялаган. Жээнбеков президенттик кызматтан ыктыярдуу түрдө кетүүгө даяр экенин билдирди.

«Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын», — деп айтылат кайрылууда.

Анын айтымында, учурда премьер-министр болуп саналган Кубатбек Бороновду, анын ичинде мурдагыдай бийликтин легитимдүү булактары болуп эсептелген өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирүү керек.

Ошондой эле БШК жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүнүн күнүн дайындашы керек жана бул «кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат».

«Дагы бир ирет кайталайм — мен азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөйм. Мен үчүн эч бир кызмат — мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Митинг, Жапаров жана Бабанов

Мыйзам боюнча, эгер Жээнбеков өз ыктыяры менен отставкага кете турган болсо, анда анын милдеттерин парламенттин спикери аткарат. Учурда депутаттардын бир бөлүгү спикерлик кызматка Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган, анткен менен анын легитимдүүлүгү маселе бойдон калууда. Ошол эле учурда жаңы президенттин кезексиз шайлоосу өлкө башчысынын ыйгарымдары токтогон кундөн тарта үч айдын ичинде өтүшү керек.

Мындай чечим 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар менен жарандык активисттер мөөнөтсүз митинг жарыялагандан кийин кабыл алынды. 6-октябрга караган түнү демонстранттар Ак үйгө басып киришип, президенттин иш бөлмөсүнө чейин кирип барышкан.

Ошондой эле бул күнү абакта жаткан айрым аткаминерлер да бошотулган. Алардын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана саясатчы Садыр Жапаров да бар.

Ушул тапта экс-депутат, өлкөдөгү кырдаалдан улам абактан чыгарылган Садыр Жапаров өзүн премьер-министр болгонун жарыялаган. Ал аны Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү колдогонун белгилеп жатат. Бул ортодо ал телевидениеге дагы чыгып, элге кайрылуу жасаганга үлгүргөн. Анткен менен бир топ жаштар Садыр Жапаровду премьер-министр катары тааныбай турганын айтышып, аны бийликти басып алган деп айыпташууда.

Мындан сырткары, 9-октябрда парламенттик шайлоого катышкан төрт партия — «Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Реформа» премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду бирдиктүү талапкер катары көрсөтүштү.

Бул тууралуу аталган партиянын лидерлери 9-октябрда журналисттерге маалымат жыйынында билдиришти. Ошондой эле алар «Акыркы үмүт» аттуу саясий бирикеме түзүшүп, меморандумга кол коюшту. Ага Клара Сооронкулова, Жанар Акаев, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов кол койгон.