«Мекеним Кыргызстандын» талапкери №2 формасы жана үгүтчүлөрдүн маяналары тууралуу айтып берди

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери жана учурдагы депутат Марлен Маматалиев үгүтчүлөргө маяна төлөп, «пара берүүнү ушинтип мыйзамдаштырганбыз» деп билдирди. Шайлоо процессинин маселелерине байланыштуу активисттердин жолугушуусунда Маматалиевдин айткандарына караганда, алар көп сандагы үгүтчүлөрдү чогултушуп, андан кийин алардын санын кыскартууну жана аларга эмгек акы коюуну сунуш кылышкан.

«Бишкек боюнча 12 миң үгүтчүбүз бар болгон, алардын баары айлык алып турушкан. Азыр алардын санын чектегенибиз туура болот, анткени айрым партиялар аз акча беришкен, а биз 20-25 миң сомдон төлөп жаттык», — деп билдирди саясатчы.

LIVE: Шайлоо мыйзамы талкууда

Шайлоо босогосу, шайлоо күрөөсү, форма №2 маселелери активисттердин, саясатчылардын талкуусунда

Posted by Azattyk Media on Saturday, October 17, 2020

Акча жана жаштар

Марлен Маматалиев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бардык партиялар тең катарына жаштарды кошууга аракет кылышканын белгилеп, мындан улам жаштар чачыранды болгонуна өкүнгөнүн билдирди.

«Мен дагы алардын катарында болгом. Мага ар кайсы партиялардан сунуштар түшүп жаткан, бирок алардын парламентке өтүшү күмөн болчу. Андыктан, [парламентке] өтүү мүмкүнчүлүгү бар партияларга артыкчылык бердим. Мындан тышкары акча маселесин эске алуу керек. Тизмеде алдыңкы катарда болуу үчүн айрымдары 500 миң, кээси 1 млн долларга чейин акча беришти», — дейт депутат.

№2 формасы

Маматалиев №2 формасы коррупциялык схеманын өзөгү деген ойдо. «Эч ким өз эрки менен форма №2ге арыз бербейт», — дейт «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери.

Шайлоо босогосун төмөндөтүү

Депутат шайлоо босогосу боюнча да пикирин айтты. Анын ою боюнча, эң оптималдуу вариант — босогону 3%га чейин төмөндөтүү.

«1% кылса айрым күчтөр оңой эле өтүп кетүү коркунучу бар. Бул 20 миң добуш, анда ар бир район өз партиясын түзүп, шайлоого катыша алат да», — дейт депутат.

Марлен Маматалиев акыркы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 7-орунда барган. Ал учурда Жогорку Кеңеште «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат.