Жер алдынан өтмөктөрдүн айнек чатырлары адамдардын башына кулашы мүмкүн — Бишкек мэриясы

6-октябрга караган түндөгү массалык башаламандыктар учурунда Бишкектин борборундагы жер алдынан өтмөктөрдүн айнек чатырлары талкаланган. Учурда алар шаар тургундарын коркунучка кептеп турат, себеп дегенде кайсы гана убак болбосун кулап түшүшү мүмкүн.

«Азыр өтмөктөр аркылуу өтүү кооптуу, ар биринин чатырындагы айнектер эптеп эле кармалып турат. Аз эле күч келсе урап түшөт. Өзгөчө жаан жааган күндөрү ал жак менен баспагыла! Кышка чейин алмаштырып, жок дегенде оңдоп-түзөшөт деп үмут кылып жатам», — деп жазды, Бишкектин тургуну твиттерге.

Мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын (ММБ) басма сөз кызматынан вице-мэр Алимбек Абдылдаевге Капиталдык курулуш башкармалыгына айнектерди алмаштыруу боюнча калыбына келтирүү иштерин баштоону тапшыруу өтүнүчү менен кат жөнөтүлдү деп жооп беришти.

«Азыркы учурда жер алдынан өтмөктөрдө адамдар үчүн коркунуч жаралууда, себеп дегенде сынык айнектер кайсы гана убак болбосун жөө жүргүндөрдүн башына кулап түшүшү мүмкүн», — деп белгилешти мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгынан.

ММБнын маалыматына караганда, «Айчүрөк» дүкөнүнүн жана Филармониянын тушундагы өтмөктөрдүн ички фасадынын айнектери, байкоочу камералар, ал тургай капталындагы дубалдардын мрамор плиталары да талкаланган.

Мурдараак Бишкек мэри Азиз Суракматов 9-октябрь күнү өткөн брифингде 6-октябрьга караган түнү келтирилген зыяндын болжолдуу суммасын айткан. Калаага келтирилген зыяндын жалпы көлөмү 17 млн сомду түзгөн.

Суракматов, митингге чыккандар 12 автобус, 16 милиция унаасын талкалап, ошондой эле жети тез жардам унаасын талкалап-тоноп кетишкенин билдирди. Талкаланган тез жардамдын бири кардиологиялык жандандыруучу унаа болгон.

«Мындан тышкары, борбордук аянтта 4 млн сомдук “айрым абаттоо элементтери” жок кылынган», — деп билдирген мэр.

Массалык башаламандыктар парламенттик шайлоодон кийин башталган. Миңдеген адамдардын борбордук аянтка чыгышына, шайлоонун көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгону себеп болгон. Кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылгандардын тынчтык акциясы күч органдары менен кагылышууга жетип, акыры Ак үйдү басып алуу менен аяктаган.