Сооронкулова: Бажыда Матраимов түзүп кеткен схема бийликтин калкалоосу менен башкаларга өзгөртүлөт

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Райымбек Матраимовдун айласында бир күндө болгон окуяларды спекталь деп атады. Ал бул боюнча «Азаттык» радиосуна кенен маек курган.

20-октябрда атайын кызматтын өкүлдөрү Райымбек Матраимовду УКМК имаратынын артындагы май куюучу жайдан кармашкан. Ал түн жарымга чейин УКМКнын имаратында «сурак берип», Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен «тергөө менен кызматташканы үчүн» чет жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган. Ал буга чейин «кылмыштуу аракеттеринен» келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы белгилеген 2 млрд сомду төлөөгө даяр экенин билдирген. Ведомствонун басма сөз кызматы Матраимов УКМКнын эсебине бул сумманын 80 млн сомун которгонун кабарлаган.

Сооронкулова Матраимовдун айланасында болгон окуяларда оюн болуп кеткенин баса белгилеген. Ошондой эле, анын эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде бошотулушу акылга сыйбай турганын кошумчалаган. Себеби, Матраимов бир гана «Коррупция» беренеси менен эмес, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» сыяктуу беренелер менен айыпталып жаткандыктан ал соттолушу керек болчу.

«Болгондо да ири суммадагы жемкорлук болуп жаткандан кийин абдан оор кылмыш болуп эсептелет. Ошондуктан бөгөт чарасы камакка алуу болмок. Кечээки окуяларды көрдүк, бул чындыгында эле спектакль болуп калды. Бир эле күндө кармап, «тергөө менен келишим түздү» деп кайра бошотуп коюшту», — деди Сооронкулова.

Ал ошондой эле, тергөө менен келишим түзгөнү натыйжалуу болушу үчүн Матраимов өзү менен кошо кылмышка аралашкан адамдарды толук белгилеп бериши зарылдыгын кошумчалады.

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бажыдагы коррупцияга тиешеси бар болушу мүмкүн жана бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун чөйрөсүнө кирген 40 адамды аныктаганын билдирген.

Андан сырткары иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров «Райымбек Матраимовдун бажы империясы» деп аталган жаңы иликтөө жарыялашты. Анда журналисттер Матраимов өзүнүн тууган-уругу, жакындары, жоро-жолдоштору менен биргеликте «эң кирешелүү делген бажы тармагын басып алганын» билдирип, аны тастыктоо үчүн 30га жакын кишинин ысымын ашкерелеген.

Сооронкулова тергөө менен кызматташканда анын жол жобосу кандай болушу керектигин дагы түшүндүрүп берген.

«Негизи бул бир күндө чечилчү маселе эмес. Кылмыш иликтениш үчүн шектүү кармалып, аны менен кошо кылмышка аралашкандар аныкталат, андан кийин гана тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүлөт. Мындан ары эми Матраимов жанагы мамлекетке тийгизген зыянын эки миллиард сом өлчөмүндө төлөп берет, анан айыппулду да төлөйт, ага карата ачылган кылмыш иштери кыскартылат», — деди ал.

Сооронкулова өз сөзүндө эми Райымбек Матраимов бажы тармагында түзүп кеткен схема эми бийликтин калкалоосу менен башка адамдарга өтө турганын белгиледи.

«Бул жерде эки орчундуу маселе турат. Бажыдагы коррупциялык схемалар баары бир турат. Матраимов ал жерде жалгыз эмес. Анын кожоюндары, жанагы уйгур коммерсанттар бар. Схеманын ээлери ошолор да. Азыр эми бул схемага ким келет? Эми Райымбек Матраимов кайра келе алабы? Жок, схеманы эми сөзсүз түрдө башка адамга өзгөртүшөт. Албетте, бул процесс азыркы бийликтин калкалоосу менен ишке ашат», — деди Сооронкулова.

Ал ортодо премьер-министр Садыр Жапаров Би-Би-Си телеканалына маек куруп, Райымбек Матраимовду камабагыла деген буйрук бергенин айтты. Жапаровдун ырасташынча, эгер Матраимовду камап койгондо андан мамлекетке келтирген чыгымдарын өндүрүп алуу мүмкүн болмок эмес.

«Өзү камалгандан кийин эсептери жабылат. Мындайча айтканда, кустура албайбыз. Сот жараяны жылдап уланат. Эгерде азыр камакка алып, анан ишти тергейбиз десек, үй-мүлкүн конфискация кылабыз десек, анда бир үйүн же машинасин, макул бир объектисин алалы. Бирок ал 24 миллион эмес, 2 миллионго дагы чыкпаган мүлк болот да», — деп түшүндүргөн Жапаров.