Журналисттер бажы тармагында иштеген Матраимовдун 30га жакын кишисинин ысымын ачыкташты

Матраимов жумуштан кеткенден кийин да жакындары, дос-туугандары аркылуу бажы тармагын көзөмөлдөп турган. Сүрөт Токтакунов жарыялаган иликтөөдөн алынды

Иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров «Райымбек Матраимовдун бажы империясы» деп аталган жаңы иликтөө жарыялашты. Анда журналисттер Матраимов өзүнүн тууган-уругу, жакындары, дос-чарлары менен биргеликте «эң кирешелүү делген бажы тармагын басып алганын» билдирип, аны тастыктоо үчүн 30га жакын кишинин ысымын ашкереледи.

«Клооп» видео иликтөөдөгү бажыда иштегендер тууралуу бөлүгүн текст түрүндө өзгөртүүсүз келтирет. Видеонун оригинал версиясын бул шилтеме аркылуу көрө аласыз.

«Кыргызстандагы эң кирешелүү тармакты басып алган»

Райымбек Матраимов тууралуу журналисттер далай иликтөөлөрдү жасап, далай фактыларды таап чыгып бийликке дасторконго нан койгондой сунуштап келишти.

Бирок буга чейинки бийлик буларды көңүлгө албай, андан ары иликтеп тиешелүү адамдарды жоопко тартпай, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга чекит койгон жок.

Биз бул чыгарылышты «Райымбектин бажы империясы» деп атадык. Анткени Райымбек Матраимов өзүнүн тууган-уругу, жакындары, дос-чарлары менен биргеликте мына ушул Кыргызстандын эң кирешелүү делген бажы тармагын басып алган.


Райымбек Матраимов 1997-жылы катардагы инспектор болуп эле кызматка орношкон. 2005-жылдан баштап ташы өйдө кулаган дагы, 2010-жылдан кийин, тагыраагы Алмазбек Атамбаевдин доорунда бир тууган Матраимовдор болуп көрбөгөндөй кызматтык бийлик тепкичтерге чыгышты.


Тууган-урук, дос-чары мүмкүн болушунча кызматтарга коюлду. Ал эми Сооронбай Жээнбеков кызматка киришерде Матраимов иштен алынганы менен таасири улам артып турду. Бул тууралуу «Азаттык», OCCRP, «Клооп», Bellingcat медиа мекемелери бир жолку иликтөөлөрүндө ашкерелеп келишти.

Ошентип Матраимов өзү кетсе дагы системадагы инилери, жээндери, кайнилери, күйөө балдары, кудалары, өкүл балдары, достору аркылуу бажыны былк эттирбей көзөмөлдөп турду. Ошолордун аттарын азыр атайбыз.

Нурсеит Сыдыков — борбордук бажынын контрабанда башкарамалыгынын ага инспектору. Райымбек Матраимовдун эжесинин уулу.

Нурсултан Турсунбаев — 23 жашында бажы кызматына келген. Түштүк-батыш бажысында ага-инспектор. Райымбек Матраимовдун экинчи эжесинин уулу.

Азизбек Токонов — Ошто бажы процедурасы борборун жетектейт. Майор. Ага чейин Кара-Суудагы башкы бажы терминалында инспектор болчу. Ал Райымбек Матраимовдун бир тууган эжесинин кызын алган.

Таалайбек Токторов — Түштүк батыш бажысында ага-инспектор, ага-лейтенант. Райымбек Матраимовдун бир тууган бөлөсүнө үйлөнгөндөн кийин бажыга кызматка орношкон. Анын эки иниси Эркинбек жана Байсал дагы бажы инспекторлору.

Искендер Тургунов — Түндүк темир жол бажысынын жетекчи орун басары. Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын бир тууган иниси.

Асанбек Мурзакасымов — Искендер Матраимовдун кызына үйлөнгөн. Кант бажы каттоо жайында инспектор.

Алмазбек Арзиев — бажы процедурасынын башчысы кызматынан быйыл пенсияга чыккан. Ал Искендер Матраимовдун кудасы.

Руслан Раманов — «Карамык» пунктунун инспектору. Искендер Матраимовдун кайниси. 

Запарбек Айдаров — эл арасында «Зафар» деп таанылган. Бишкектеги бажыда башкы инспектор. Тилекбек Матраимовдун кудасы.

Эркинбек Айдаров — Кара-Суу темир жол бажысында инспектор, Зафар Айдаровдун бир тууган иниси.

Эламан Жунусов — «Манас» бажысында ага-инспектор, ырчы Ибрагим Жунусовдун уулу. Райымбек Матраимовдун өкүл уулу.

Данияр Абдраимов — Түштүк-батыш бажысынын инспектору. Матраимовдорго таандык Erem спорт клубунун футбол клубунун башкы машыктыруучусу.

Адилет Култаев — Түштүк-батыш бажысынын жетекчисинин орун басары, Erem футбол клубунун чабуулчусу.

Эламан Аринов — Түштүк-чыгыш бажысыны инспектору. Erem футбол клубунун футболчусу.

Нуртилек Жайлообаев — Оперативдик бажынын контрабанда бөлүмүнүн кызматкери. Erem футбол клубунун футболчусу.

Жамалиддин Мусаев — белгилүү воллейболчу, Erem воллейбол клубунун оюнчусу. Борбордук бажынын кызматкери.

Анын кесиптеши Асан Сатыбалдиев дагы Erem воллейбол клубунда ойнойт — Борбордук бажынын кызматкери.

Булар бажы кызматына 2017-жылы Райымбек Матраимов кызматтан кеткенге чейин ишке киришкен. Эми андан кийин киргендерди дагы санап кетели.


Бажы кызматы 2019-жылы кызматкерлерди алууга сынак жарыялап, ага 600гө жакын адам арыз тапшырган. Алардын 150сү гана сынактан өтүп, кадрлар резервине кабыл алынганын декабрдын аягында, элдин баары жаңы жылды майрамдап, сиз оливье жасап, шампан ачып жатканда жарыялашкан.


Бажы кызматынын бул операциясы ошон үчүн журналисттердин дагы, коомчулуктун дагы, көңүлүнөн сырт калган, купуя сакталган. Бирок биз анын бетин ачабыз.

Ошол 150нүн айрымдарына гана буйрук чыгып, кызматка орношо алышкан. Кимдер экенин балким түшүнүп деле турасыз. Эсептей баштаңыз анда.

Токтоболот Тилекбеков — Тилекбек Матраимовдун уулу. 2020-жылдан бери бажыда иштеп келатат.

Айжан Нурмаматова — Ислам Матраимовдун балдызы. Камсыздоо бажысында архив бөлүмүнүн инспектору.

Бектур Медеров — Раймыбек Матраимовдун бөлөсү. Манас бажысында инспектор.

Семетей Анарбаев болсо 31-декабрда бажынын кадрлар резервине кабыл алынган — ал Матраимовдордун кудасы — каржылык чалгын кызматын жетектеген Гүламжан Анарбаевдин уулу.

Кумар Жалиев — белгилүү кикбоксер. Бажы коштоо бөлүмүндө иштээри көрсөтүлгөн. Бирок биздин булактар кагазда гана ошентип көрсөтүлгөнүн, а чын-чынында Жалиев Райымбек Матраимовду такай коштоп жүргөн жан жигити экенин айтышты.

Нургазы Жорошев — оперативдик бажынын контрабанда бөлүмүнүн ага-опери. Өткөн жылы сентябрда, Ошто Матраимовдордун үйүнүн жанында ькеиптик ишмердигин аткарып видеого тартып жүргөн «Азаттыктын» журналистине бир нече жигит кол салган. Алар аны уруп-сабап, жеке буюмдарын, камераларын тартып алышканы эсиңизде болсо керек. Жорошев ошол көптөп уруп-сабоого, карактоого шектелгендердин бири.

Бексултан Назаров — өткөн жылдын 31-декабрында бажынын кадрлар резервине кабыл алынган. Ал Erem футбол клубунун футболчусу.

Илимбек Аттокуров — Erem дзюдо клубунун машыктыруучусу. Өткөн жылдын 31-декабрында бажынын кадрлар резервине киргизилген.

Дагы бир кызыктуу фамилия — Хан-Бото Борбиев. «Манас» бажысында ыкчам нөөмөт бөлүмүндө инспектор катары иштейт. Ал Райымбек Матраимовдун досу, ырчы Бек Борбиевдин уулу.

Эламан Дуулатов — түштүк-батыш бажысында инспектор. Финполициянын мурдагы башчысы Бакир Таировдун бир тууганынын уулу.

Финполициянын Матраимовдор тууралуу иликтөөсүнүн эмне үчүн эч бир жыйынтыгы чыкпай келгенин эми түшүндүңүзбү?

Алихантөрө Марифов — Матраимовдордун кудасынын уулу. Түндүк-батыш бажысында инспектор.

Бул туугандар, жана айрым жакын адамдары гана. Андан тышкары классташ, айылдаш, жана башка чоң кызматтардагы табакташтары дагы ондоп саналат. Матраимовдордун жек-жааты кандайча бажыга жыйылып калган? «Азаттык» убагында бул боюнча Искендер Матраимовго суроо берген болчу.


«Туугандарым, же болбосо куда-сөөгүм, жердештерим, иштебесин деп кайсыл жерде мыйзам бар? Анан экинчиден, бажынын өзүнүн тартиби бар. Эч качан түз жумушка албайт, конкурстук негизде алынат. Ошол жагын да эске алып койгула»


Искендер Матраимов мына ушинтип жооп берген. А сиз кандай ойлойсуз? Чындап эле Матраимовдордун туугандары мына ушунчалык акылдуу, иш-билги жана билимдүүбү? Же кандайдыр кол энесине тарткан, кандайдыр бир адамдын таасири ойногон бир көрүнүш болгонбу?

Бажы терминалдары

Токтакунов иликтөөдө чет жактан келген товарларды өткөргөн ири терминалдар тууралуу да сөз кылган.

«Клооп», «Азаттык» OCCRP жана Bellingcat буга чейин Райымбек Матраимов фигурант болгон акезчилик боюнча иликтөөлөрдү жасап келген.

Акыркы иликтөөдө, аткезчилик менен алектенип келген экс-бажычынын жумуштан кеткенден кийин да жакындары, дос-туугандары аркылуу бажы тармагын көзөмөлдөп, Абдукадыр аттуу аткезчиликке адистешкен уйгур үй бүлөнүн жардамы менен «бажы оюндарынан» четтебегени айтылган.

Матраимов жана Абдукадырлар кланы Кытайдан кирген жүк ташуучулар үчүн жалгыз жол — үч эң негизги бажы терминалдарын көзөмөлдөп турушкан. Терминалдарды негизинен экс-бажычынын «ишенимдүү адамдары» — достору, туугандары жана жакындары жетектеген.

Ошондой эле иликтөөдө Токтакунов атын атаган бир канча бажы кызматкери жөнүндө да сөз болгон.

Бажы кызматы өлкөдөгү эң көп коррупциялашкан тармак. Көп адамдар бул тармактагы кеңири жайылган коррупция үчүн Матраимовдун бажыда иштеген туугандарын күнөөлөшөт.

Кененирээк бул жактан окуңуз: Матраимовдун бажы империясы

Матраимовдун кармалышы

Токтакуновдун жана Темировдун иликтөөсү чыккандан эртеси, 20-октябрда, УКМК Райымбек Матраимов кармалып, суракка жеткирилгенин билдирди. Ошондой эле аны кармоо учурундагы сүрөттөр соцтармактарга жарыяланды.

Журналист Али Токтокунов фейсбук барагына беттери жабылгандардын бири УКМКнын Коррупциялык иштерге каршы күрөшүү кызматынын башкармалык башчысы Салмоорбек Жумабеков экенин жазды.

Андыктан бул «кармоонун» өзү эле шоу экенин белгилеген.

«Салмоор — белгилүү ортопед, Матраимовдор менен үй-бүлөлүк катышы бар Сабыр Жумабековдун уулу. Ушул көрүнүштүн өзү эле шоу, элдин демин басуу аргасы катары кабыл алынып жатканы бекеринен эмес», — деп жазды ал.

Ал эми Ырыс Жекшеналиев аттуу колдонуучу Матраимовдун колуна кишен салып жаткан киши Салмоорбек Жумабеков экенин болжолдоп, салыштыруу максатында анын башка сүрөттөрүн фейсбук барагына жарыялады. Андан сырткары Матраимовду кармоо учурунда тартылган сүрөттө анын өкүл баласы Азамат Осмонов дагы бар экенин белгилейт.

Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев болсо Райымбек Матраимов кармалган май куюучу жайдын видеосун чыгарып, ал УКМК имаратынын артында эле жайгашканын көрсөттү.

Буга чейин УКМК Райымбек Матраимовдун жана Бажыдагы башка кызмат адамдары менен биргилешип түзүп кеткен коррупциялык схема боюнча сотко чейинки өнүдүрүш башталганын кабарлаган.

Ошондой эле, Матраимовдун жакын чөйрөсүнө кирген 40 кишинин коррупциялык иштерге байланышы болгону аныкталганын билдирген.

Иликтөөлөрдүн тизмеси:

Матраимовдун падышалыгы

Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы

Кыргызстандан чыгарылган 700 млн $. Бул Матраимовдордун үй-бүлөсү менен кандай байланыштуу?