«Мекенчилден» талапкер болгон депутат Зулушев башкы прокурор болду

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров депутат Курманкул Зулушевди башкы прокурор кылып дайындады.

21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» резиденциясында өткөн кезексиз жыйында Зулушевдин талапкерлигин башкы прокурорлукка жактырган. Ага 84 депутат макул деп добуш берсе, бир депутат каршы болгон.

Ал эми мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкага кеткени ошол эле күнү белгилүү болуп, анын арызын парламент кабыл алган болчу.

Зулушевдин талапкерлигин башкы прокурорлукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров сунуштаган. Зулушев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен катышкан. Тизмеде №7 болгон. Жапаров аталган партиянын тең негиздөөчүсү.

Курманкул Зулушев 1970-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында туулган. 1998-жылы Ош Мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн. Ал Кыргызстандын бир катар аймактарында прокуратура тармагында иштеген. Зулушев прокурордун жардамчысынан тарта райондук соттун судьясы болуп иштеген. Ошондой эле, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болгон.

2015-жылы «Республика — Ата-Журт» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү болгон.