Өзгөндө аёосуз сабалган тургундун эжеси премьер-министрге кайрылды

Аталган макалада жабырлануучунун сүрөтү бар. Эгерде сиз «сезимтал» болсоңуз, зомбулук жасалган кадрларды көрүүдө өзүңүздү начар сезсеңиз анда сүрөттү көрбөй коюуну суранабыз.

Ош облусунун Өзгөн районунда 29 жаштагы тургунду аёосуз сабаган үч шектүү кармалып, эки айга тергөө изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 6-октябрга караган түнү Өзгөн районундагы Шоро-Башат айылынын тургуну Нурсултан Иматалиев өзүнүн айылдаштары тарабынан белгисиз себептен ур-токмокко алынган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам Өзгөн аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийинчерээк ал Ош облусттук ооруканага которулган.

Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун башында үч жерден гематома аныктады. Ошондой эле анын жаагы сынып, тиштери талкаланып, эриндери жыртылып жана он колунун манжалары сынып кеткен.

Укук коргоо органдары бул окуяны «Ээнбаштык» беренеси менен каттады. Шектүүлөр 9-октябрда кармалган. Ал эми Өзгөн райондук соту аларды эки айга камакка алды.

Сабалган тургундун эжеси Нургүл Ырысбаева өзүнүн фейсбук баракчасында шектүүлөрдүн бири криминал дүйнөсүндө «Дөкү» каймана аты менен таанымал экенин билдирди. Ырысбаева инисинин жанында жүргөн эки досунун бири да сабалганын белгиледи.

«Иним машинадан түшөөрү менен тапанчанын арты менен башка коюп жиберет. Ал башын кармаганда жапырт ур-токмокко алышат. Эки баланын колунда тапанча ал эми берки балдардын колунда элекрошокер жана бейсболдук бита болот. [...] Бул балдар инимди уруп гана тим болбостон өлтүрүүгө аракет кылышкан», — деп жазды Ырысбаева.

Кийинчерээк Иматалиевдин досу анын тайкесин жардамга чакырган. Шектүүлөр аны көрүп, кылмыш болгон жерден изин жашырышкан.

Ырысбаеванын айтымында, окуя болгонго чейин Нурсултанды «братандар чаап же атып кетишет» деген маалыматтар тараган. Ырысбаева «братандар» деп Бакыт Мамбетов жана Алым Насипов аттуу кишилерди эсептейт. Анын инисинин «сабалышын да ушулар уюштурган» деген пикирде.

«Урган үч бала Алым Насиповдун өкүл уулдары. Ал эми Алымдын өкүл атасы Бакыт Мамбетов. Бакыттын өкүл атасы Жогорку Кенештин депутаты. Буйрук берген балдар өз акчаларына жана байланыштарына ишенип жаткан чыгаар. Бирок баары маалым болот», — деди Ырысбаева.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев Мамбетов жана Насиповдун бул окуяга тийиштиги бар-жогу текшерилип жатканын билдирди.

Ырысбаеванын айтымында, инисин Мамбетов менен Насипов сабатканы боюнча анда далилдер жок. Ошондуктан ал премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, далил табууга жана күнөөлүү кишилерди жазага тартууга жардам берүүнү суранды.

«Сиздерден өтүнүч, коррупцияга жол бербей, ар ким өз өкүл атасына жамынбай адилеттүү карап, күнөөлүүлөрдү таап, мыйзам чегинде жоопко тартышыңыздарды өтүнөбүз. Калган эркиндикте жүргөн жана буйрук берген балдарды да кармап тергөө иштерин тездетип бериниздер. Тергөө Өзгөн РИИБде каралып жатат. Бирок эч кандай жылыш жок», — деген жабырлануучунун эжеси.

Мындан сыркары, Ырысбаева үч шектүү Казакстандын чек арасынан кармалып, учурда Ош шаарындагы №25 убактылуу кармоочу жайында отурушканын кошумчалады.