Депутат Никитенко шайлоолорду жылдырып, конституциялык реформа өткөрүүнү сынга алды

Депутат Наталья Никитенко 23-октябрда фейсбук барагында пост жарыялап, анда ал 22-октябрда өткөн парламенттин кезексиз жыйынында эмне болгонун айтып берди.

Ага ылайык, ал күнү күн тартибинде депутат Алтынбек Сулаймановдун шайлоо мыйзамын өзгөртүү боюнча демилгеси гана болгон — бул мыйзам долбоорунда шайлоо босогосун жана күрөөсүн ылдыйлатууну, ошондой эле №2 формасын жоюу сунушталган.

«Башка маселе жок болчу! Мен ушул мыйзам долбоорун колдогону келгем. Бирок, 14:00дөн 17:00гө чейин кворумду күтүп отуруп, кесиптештеримдин конституциялык мыйзамдын айрым беренелеринин иштешин токтотуу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун киргизүү боюнча конституцияга жатпаган жана уятсыз демилгелерине күбө болдум. Ошол себептен Конситуцияга каршы келген жана туура эмес деп эсептеген аракеттерге кворум камсыздабоо үчүн катышпоону чечтим», — деди Никитенко.

Анын айтымында, шайлоо күнүн жылдыруу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун эч ким көргөн дагы, талкуулаган дагы эмес. Бирок төрт окуудан тең өткөн. Никитенко бул мыйзамды кабыл алуу менен ансыз деле «элдин ишениминен кеткен» алтынчы чакырылыш «өмүрүн 7 айга узартып, Конституциялык реформаны ишке ашыруучу аянтчага айланганы жатканын» белгиледи.

«Конституциядагы Жогорку Кеңеш 5 жылдык мөөнөткө шайланат деген беренени кайда кетиребиз?! Парламенттин бул чечими кысым алдында, ЖКнын Регламентинин бардык нормаларынын жана башка мыйзамдардын бузулушу менен кабыл алынды деп эсептейм, ал тарыхта дагы талаш жаратып, өз баасын алат!» — деп жазды депутат.

Никитенко бир күн мурун, 21-октябрдагы депутаттардын жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын кийинки парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында, президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январында өткөрүү чечими талкууланганын эскертип өттү.

Анын пикиринде, БШКнын мүчөлөрү «мыйзамга ылайык, жалгыз туура жолду тандашты – шайлоону белгилешти».

«Болбосо биз легитимдүү аянтка кире албайбыз, жергиликтүү жана эл аралык коомчулуктун ишенимин жоготобуз. Болбосо, дагы деле бийлик орнобой эле “талаа командирлери”, ар кайсыл топтор тарабынан басып алына берет. Мындай кадамдар коомдогу нааразычылыктын курчушуна, саясий кризистин күчөшүнө, акыр-аягы мамлекеттүүлүгүбүздү жоготууга алып келет», – дейт ал.

Никитенко белгилегендей, жаңы парламент шайлоодон кийин, коомдун каалоосу жана ишеними менен конституциялык реформага кирише алмак.

«Конституцияны өзгөртүү — бир топ адамдын бир мүнөттүк чечими эмес, кимдир бирөөлөрдүн кууш кызыкчыктарынын объекти эмес, бул оюнчук эмес! Бул коомдун жана ар кандай топтордун максималдык катышуусу менен өтө турган узак процесс! Коом бийликке убактылуу ээ болгондордон гана турбайт! Коом — бул ар башка ойлор жана ар башка пикирлер!» — деди Никитенко.

Депутаттын айтымында, «коомдун аң-сезимдүү күчтөрү» биригип Конституцияны өзгөртүүгө, кайрадан президенттик башкарууну калыбына келтирүүгө каршы турушу керек. Ошондой эле, президенттик башкаруунун жыйынтыгында өлкөдө эки революция болгонун белгилеп өттү.

«Биздин өлкө колунан келишинче парламентаризмди сактап калууга, аны өзгөртүп, маңызын бурмалоого каршы турушу керек деп эсептейм! Таза парламентаризм – бул бийлик “кол бала” кылууга кызыкдар болгон бурмаланган модель эмес, таза шайлоо аркылуу келген элдик партиялар!», – дейт Никитенко.

Уважаемые кыргызстанцы, дорогие мои сограждане и современники!Эти дни вся страна напряжённо наблюдала за происходящими...

Posted by Наталья Владимировна Никитенко on Thursday, October 22, 2020

Шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы шайлана турган парламенттик шайлоо 1-июнга чейин өтмөкчү, ал эми ага чейин конституциялык реформа өтөт. Ушулар каралган мыйзамга президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров 22-октябрда кол койду.

Жапаров кол койгон конституциялык мыйзам президенттик жана парламенттик шайлоолор тууралуу мыйзамдын иштөөсүн убактылуу токтотот. Конституциялык реформа шайлоого чейин өлкөнүн башкы мыйзамына кезектеги түзөтүүлөр киргизилип, референдум өткөрүлөт дегенди түшүндүрөт.

Жапаров шайлоонун артка жылдырылышын «абалды турукташтыруу жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу» максатында кабыл алынган чечим деп актанууда.

Бир күн мурда шайлоону артка жылдыруу жана референдум өткөрүүнү парламент депутаттары жактырышкан. Депутаттар кезексиз президенттик шайлоонун күнүн белгилөө жана шайлоо мыйзамдарына түзөтүү киргизүү үчүн чогулган болчу. Бирок 10 депутат шайлоолорду жазга калтырып, референдум аркылуу парламенттик же президенттик башкарууну аныктап алуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелешкен.

Боршайком буга чейин шайлоолор өтө турчу күндү алдын ала дайындаган: парламенттик шайлоо — 2020-жылдын 20-декабрында, президенттик — 2021-жылдын 10-январында болмок. 5-октябрда жарандар Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, нааразычылыктарын билдиришкенден кийин, 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Миңдеген кишилер катышкан нааразычылыктардын айынан Кыргызстанда саясий кризис башталган. Ал азыр да уланууда. Нааразычылыктардын толкуну менен бийликке Садыр Жапаров келди. Ал адамдарды барымтага алуу беренеси менен 10 жылга эркинен ажыратылып, жазасын өтөп жаткан кезинде абактан бошотулуп, учурда өлкөнү башкарууда.

Депутаттар аны премьер-министрликке шайлашканы менен Жапаровдун тарапташтарынан коркутуулар болгонун айтып келишти. Көп өтпөй Жапаровдун күчү менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, анын ыйгарым укуктары Жапаровго өттү. Парламент төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан болчу.