БШК: Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өтөт

Борбордук шайлоо комиссиясы президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өткөрүлөөрүн билдирди. Мындай чечим БШКнын мүчөлөрүнүн 24-октябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Конституция боюнча президент отставкага кеткен күндөн тартып бир жуманын ичинде парламент мөөнөтүн мурда шайлоонун датасын бекитет.

Эгерде Жогорку Кеңеш шайлоо мөөнөтүн дайындабаса, анда БШКнын мүчөлөрү эки күн аралыгында бекитиши керек.

«Конституциялык мыйзамдын талаптары бар. Ага ылайык, бул шайлоо БШК жана кайсы бир органдын чечими жок эле дайындалган болуп калат. Ушинтип Конституцияда жазылган. Биз бир гана мөөнөтүн аныктайбыз», — деди Шайлдабекова.

Конституция боюнча президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өлкө башчысы кызматынан кеткенден кийин үч айдын ичинде өтүшү керек. Сооронбай Жээнбеков отставкага 15-октябрда кеткен. Демек бул мөөнөт 16-январда аяктайт.

Ушул эле күнү эртең менен Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери БШКнын имаратында тинтүү жүргүзүштү. Милиционерлер 4-октябрдагы шайлоо дайындалган күндөн 3-июлдан берки документтерди алып кетишкен.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев тинтүүнү «башаламандык» деп атады. Ошондой эле ал Шайлдабекова өлкө башчысынын милдетин аткаруучу жана премьер Садыр Жапаров менен жолугушууга аракет кылганын айтты. Бирок өкмөт аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаев «силерди эч ким кабыл албайт, силер өз билемдикке салып жатасыңар» деген жооп узатканын айтат.

«Бизди өз билемдикке айыптагандан кийин кылмыш ишин ачып, суракка чакыра башташты. Учурда тинтүү жүргүзүп жана документтерди алып жатышат. Президенттин милдетин аткаруучу камчы жана коркутуу ыкмасын колдонуп жатат. ЖМКлар БШКнын айланасындагы башаламандыкты бир нече күн чагылдырууда, бирок реакция жок болуп жатат», — деген Осмоналиев.

ИИМ тинтүү Биринчи май райондук сотунун чемими менен жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Сотко мындай талап менен шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтеген тергөө тобунун башчысы кайрылган.

21-октябрда БШКнын мүчөлөрү күбө катары суракка чакырылганын билдиришкен. Бул учурда милициядан Боршайкомдун мүчөлөрү 5-октябрдагы башаламандык боюнча ачылган иштин алкагында суракка чакырылды дешкен. Бирок БШКдан бул башалмандыктарга тиешеси жоктугун айтып келишет.

Ал эми, ИИМ БШК мүчөлөрүн 5-6-октябрда Бишкекте болгон башаламандыкка байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын айтып, аталган окуяга түрткү болгон себептерди аныктоо максатында күбө катары суракка алуу үчүн БШКнын имаратына ИИМдин кызматкери барганын кабарлаган.

Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлгөн. Анда Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжоев шайлоо учурундагы мыйзам бузуу боюнча маалыматтар БШКга берилгендигин айткан. Алар тараптан эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн «Шалаакылык» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, БШК мүчөлөрү күбө катары өтө тургандыгын билдирген.

Парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бирок шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митинге чыгып, митинг күч түзүмдөрү менен кагылышууга чейин жетип, натыйжада бир адам каза тапкан. Митингге чыккандар Ак үйдү, андан соң УКМКнын имаратын басып алышкан. Кийинчерек БШК шайлоону жокко чыгарган.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова парламенттик шайлоо БШК тарабынан баштан аяк мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирген. Анын айтымында, Боршайком добуштарды сатып алуу, админресурсту колдонуу фактыларына чара көрбөгөнүн, шайлоо участкаларынын чек араларын белгилебегенин жана ар кандай шылтоолор менен укук коргоо органдарынын аракетсиздигин жаап-жашырган.

Мындан сырткары Абдрахматова 5-октябрда болгон окуяларга толугу менен БШКнын мүчөлөрү жооптуу экенин, анткени БШКнын жогоруда айтылган кыймыл-аракеттери ушул окуяларга алып келгенин белгилеген.

Ошондой эле, ал кесиптештерин, өзгөчө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы аракетсиздик үчүн сынга алып, 16-октябрда Боршайкомдун мүчөлүгүнөн кеткени тууралуу арыз жазган.

Парламенттик шайлоо кайра өтөт

Боршайком 21-октябрда жыйында Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо 20-декабрга өтө тургандыгын маалымдаган.

«Ала-Арча» резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутаттардан шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун карап чыгууну суранган. Сулайманов шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүп, №2 форманы жокко чыгарып жана шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү сунуштады.

Анын сунушун депутаттар «Ата Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев колдоп, шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү керектигин белгилеген.

*Буга чейин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бир мандаттуу шайлоо өткөрүүнү жана конституциялык реформаларды жүргүзүүнү сунуштаган. Көп өтпөй ал биринчи парламенттик шайлоо өткөрүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү керектигин айткан.

Примьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн ичинен президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө кат жөнөткөн.

Ал эми Шайлдабекова бул мыйзамга каршы келерин айткан. Ал « “Жогорку Кеңештин таркатылышына, Жогорку Кеңештеги фракциялардын курамынын өзгөрүшүнө, президенттин укуктарынын токтотулушуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын иши токтотулбайт”» — деп баш мыйзамга таянуу менен пикирин билдирген. Ошондой эле, Шайлдабекова Жогорку Кеңеш чечимди мыйзамдын негизинде кабыл аларына ишенгенин белгилеген.