Садыр Жапаров: Парламент бир мандаттуу болсун дегенди азырынча туура эмес көрдүм

Премьер-министр жана президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Садыр Жапаров парламентке келе турчу депутаттар партиялык эмес, бир мандаттуу система менен келиши керек деген оюнан азырынча баш тартканын билдирди.

Ал Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткени тууралуу депутаттардын алдында сүйлөп бүткөндөн кийин эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Талкуу учурунда депутат Төрөбай Зулпукаров парламенттик шайлоону кандай тартипте өткөрүү боюнча азыр Садыр Жапаровдун пикири эки анжы болуп турганына токтолду.

«Конституцияга өзгөрөтүүлөрдү киргизип, бир мандаттуу кылалы жана парламенттик системаны сактап калалы деген ача пикирлер болуп жатат. Мындайча айтканда шайлоо кодекси бул Конституциялык мыйзам. Биз азыр бир пикирге келбесек чечимдерди кабыл алуу дагы кыйын болот», — деди Зулпукаров.

Өз кезегинде Садыр Жапаров президенттик дагы, парламенттик дагы шайлоолор мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте мөөнөтүндө өтөт деп ишендирди.

«Парламенттик шайлоо боюнча — мен бир мандаттуу дегенди азырынча туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча парламенттик шайлоо партиялык система менен түшү керек экен. Эгер биз аны өткөрбөй, реформа кылабыз десек мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөй экенбиз», — деди Жапаров.

Ал андан сырткары парламенттик шайлоодогу шайлоо босогосун 3 пайыз эмес, 5 пайызга түшүрсө туура болорун белгиледи. Себеби, 3%га түшүргөндө өтө эле төмөн болуп кетет. Аны менен катар шайлоо күрөөсүн 5 млндон 1 млнго азайтып, 120 депутаттын санын 70 же 90 кылуу керектиги боюнча сунушун айтты. Ошол эле учурда жаңы парламент келгенден кийин гана Конституциялык реформаларга баруу туура болорун кошумчалады.

Кийинки парламенттик шайлоонун күнү фракция лидерлери жана спикер менен сүйлөшүп, бир чечимге келгенден кийин дайындаларын айтты. Бирок бир катар депутаттар бул маселе фракция лидерлери менен гана чечилбей, парламенттин жалпы жыйынында каралышы керектигин билдиришти. Өз кезегинде Жапаров ал фракция лидерлери менен чечим кабыл албай турганын, болгону талкуунун «жол-жобосу тууралуу кеңешем» деп жооп берди.

Садыр Жапаров ошондой эле, президенттик шайлоо мыйзам боюнча 90 күндүн ичинде өтүшү керектигин билдирип, анын күнү кийинки жумаларда белгилүү болот деп ишендирди.

«Президенттик шайлоо дагы болушу керек, Кудай буюрса болот. Ал боюнча азыр консультация жүргүзүп туруп, аркы жумада күнүн белгилейбиз. 10-январдан ары карай өтпөш керек экен, анткени 90 күндүн ичинде өтүшү керек», — деди Жапаров.

Садыр Жапаров буга чейин парламенттик шайлоо бир мандаттуу система менен өтүшү керектигин билдирген болчу. Анын ырасташынча, 5-октябрда башталган толкундоолордун чыгышына дал ушул партиялык система дагы таасирин бергенин айткан. Бирок Жапаровдун мындай демилгесине бир катар саясатчылар, депутаттар, юристтер каршы чыгышкан. Алар учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча кийинки парламенттик шайлоо партиялык система менен гана өтүшү керектигин жүйө келтиришкен.

Кыргызстандагы толкундоолор

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапташтары 5-октябрда Ала-Тоо аянтына чогулуп, шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну жана президенттин кызматтан кетишин талап кылышкан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү жана бир катар мамлекеттик мекемелерди басып алышкан. Кийин Боршайком шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө түзүлгөн саясий жана коомдук кырдаалдан улам Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан чыгарышкан. Ошондой эле аны премьер-министр деп жарыялашкан болчу. Кийин Жогорку Кеңеш үч жолу кезекси жыйынга чогулуп жатып, акырында Жапаровду мыйзамдуу түрдө өкмөт башчылыкка жактырышкан.

Ал ортодо президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө саясий-коомдук кырдаал турукташып, өкмөт башчы жана анын курамы легитимдешкенден кийин кызматтан кетерин билдирген. Жээнбеков сөзүнө туруп 15-октябрда отставкага кеткенин билдирген. 16-октябарда ал Жогорку Кеңештин «Ала-Арчадагы» кезексиз жыйынында сөз сүйлөдү. Мыйзам боюнча парламент президенттин отставкага кетүү тууралуу жазган ырызын эске алат.

Мамлекет башчысы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, анын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасына жүктөлөт. Бирок спикер Канат Исаев андан баш тарткандыктан президенттин укуктары жаңы шайлоолор өткөнгө чейин премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлдү. Мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткарган киши президенттик шайлоого катышат албайт.